Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

16:40 Жалалабатта чегара боюнча мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр аяктады


Чегараларды аныктоо боюнча кыргыз-өзбек мамлекеттик комиссияларынын соңку олтурумунда Баткен облусундагы жайлар боюнча документтерге кол коюлду. Жалалабат жана Ош облустарындагы чегаралар боюнча бир пикирге келишүү болгон жок. 1955-жылкы карта боюнча коңшу өлкөлөрдүн аймагына кирип калган төрт айылдын тагдыры комиссиялардын эмки жолугушусунда каралуусу ыктымал. Чегараны тактоо ал сызыктарга айрым айыл-кыштактар менен жарандардын короо-жай,үйлөрүнүн дал келип калганы менен оор болууда. Мындай маалымат 27-июнда чегара боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Жаныш Курбановдон алынды. Буга дейре 1395 чакырым келген чегаранын миң чакырымы аныкталганын кыргыз делегация башчысы С.Аламанов мурда билдирген. (YA)

XS
SM
MD
LG