Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Өтүп бараткан жумада Кыргызстанда болуп өткөн маданий окуяларга кайрылсак, апта башында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин маданият министрлеринин Бишкекте V жолугушуусу болду. Жолугушуудан кийин ШКУга кирген мамлекеттердин өнөрпосдорунун катышуусунда Чүй мамлекеттик оркестринин коштоосунда концерт коюлуп, министрлердин жолугушуусу Ысыккөлдө уланды. Негизинен Ысыккөлдө Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн маданий жааттагы алдыдагы иш-пландары каралды.

Сентябрь айында Пекинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтмөкчү. Буга карата даярдыктар тууралу кыргыз маданият министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Асан Токтогулов даярдык жакшы жүрүп жатканын маалымдады:

Кыргызстандын Кытайда Пекинде өтчү маданият күндөрүнө чоң маани берилип, даярдыктар жакшы жүрүп жатат. Ошондой эле Пекинде ошол учурда Азия мамлекеттеринин фестивалы да болот экен. Ага да катышмакчыбыз, даярдыктар жаман эмес.

Бул жумада Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Жалалабддык сүрөткерлердин көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө жалпысынан 25 сүрөтчүнүн графика жана живопись жанрындагы эмгектери, ошондой эле көркөм кол өнөрчүлүктөн жаралган боз үй жасалгалары, курактар, саймалар, кийиз бетине түшүрүлгөн эмгектер коюлду.

Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнүн 40 күнүнө арналып жазуучу тууралу жарым сааттык реквием тасма даярдалууда. Фильмдин сценарийин жазгандар акын Алтынай Темирова менен жазуучу Абибилла Пазылов. Тасма “Чыңгыз Айтматов менен коштошуу” деп же болбосо жазуучунун соңку чыгармасына үндөшүп “Тоолор кулаганда” деп аталмакчы. Фильмди тасмалаштырып жаткан кинорежиссер, кыргыз Эл артисти, “Кыргыз фильм” киностудиясынын директору Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун ааламдан өткөнүнө байланыштуу даярдалып жаткан тасманын мазмууну тууралу буларга токтолду:

Биз бул тасманы Чыңгыз Айтматовдун табытынын Германиядан алынып келинишинен тарта жазуучунун чыгармаларынан улам үзүндүлөрдү берип отуруу менен жаратып жатабыз.

Жума соңунда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрынын артисттери Джузеппе Вердинин “Риголетта” аттуу операсын койду. Бул операсы улуттук опера жана балет театрында көптөн бери коюла элек эле. Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын италиялык композитор Джузеппе Вердинин “Риголетта” операсына кайрылуусунун башкы себеби – бир чети жаш артисттердин талантын такшалтуу, элге тааныштыруу болсо, экинчиден бул операнын дүйнөлүк театрлардагы популярдуулугу да болду.

Апта башынан Бишкекте Кыргыз-немец-француз
кинофильмдеринин эларалык фестивалы жүрдү. Мындай биринчи фестиваль өткөн жылы Бишкекте болгон эле. Экинчи фестивалга кыргыз тасмагерлеринин кыска метраждуу он бир фильми катышты. Фестивалдык сынакка Кыргызстандан режиссер Марат Сары уулу, Германиядан продюссер Франк Мюллер жана Франциядан Робин Дюмалар жюрилик этишти. Кыргыз-немец-француз режиссерлору биргеликте жараткан “Теңири” тасмасынын бетачары 27-июнда Мюнхен фестивалында коюлду. Ал эми Бишкекте болсо “Теңиринин” бетачары бүгүн жана эртең кыргыз киноүйүндө коюлмакчы.
XS
SM
MD
LG