Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

КАРАСУУЛУК СООДАГЕРЛЕР КЫТАЙЛЫК ИШКЕРЛЕРДИ ДЕПОРТАЦИЯЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Ош облусундагы Карасуу базарынын соодагерлери Кытай жарандарынын ишкерлик кылуусуна чектөө коюуну, керек болсо бардыгын депортациялоону өтүнүп бийликке Кайрылуу жолдошту. Ошол эле учурда мамлекеттик органдар жана Кытайдын Оштогу өкүлчүлүгү талаптын жүйөсүздүгүн белгилешүүдө.

Айнура Борбор Азиядагы эң ири Карасуу базарында беш жылдан бери тиричилик кылып келатат. Ал өзүнүн жана мекендештеринин көйгөйүн мындайча ачыктады:

- Кытайлар басып кетти. Анда капачылык деле жок. Бирок, кыргыз кыздарына үйлөнүп, а түгүл Оштон жана Карасуудан үй сатып алып, каалагандай тайраңдап жатышат. Аларга эмитен тыюу салбаса, кийин чоң проблемага кептелишибиз ыктымал.

Ал эми өзүн Жананбай деп тааныштырган жигиттин арыз-муңу башкача:

- Эгерде бир кытай контейнер ээлесе, тим эле баарыбызды сындырат. Себеби жөнөкөй. Ал ушул жерде олтуруп алып телефондон Кытайга чалат да, ал жактагы ишканасынан товарларды убара кылбай жөнөтүп турушат. Дал ушунун айынан Карасуу базарында кредит алып иштеген мекендештеримдин басымдуулугу банкротко учурап, көпчүлүгү үй-жайсыз калышууда. Ошондуктан, Кытайларга квотаны чектөөнү, болбосо бардыгын Кыргызстандан депортациялоону өкмөттөн талап кылабыз! Эми карасаңыз, ушу да кудайга жагабы? Бизде кытайлыктарга 500 орун квота беришкен. А 5000 чакты кытай жергебизде жайнап жүрөт. Органдар каякты карап олтурушат, ыя?

Коргонбай Көкөев көп жыл мугалим болуп эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Ошого карабастан бала-чакама жардам болуп калсын деп базарда олтурат:

- Кытайларга теңелиш кыйын экен. Биз товарларыбызды бажыга текшертип, чекарадан кыйналып өткөрүп, ташып келгиче, тигилердикин фирмалары өздөрү жөнөтүп коет экен, биздикинин жарым баасында сатышкандыктан, булардын конкуренциясына чыдабай калдык. Өкмөтүбүз терең ойлонуп, жат мамлекеттин жарандарын эмес товарларын киргизсе, өлкөбүздө жумуш орундары көбөймөк.

Кытайдын Оштогу соода өкүлү Акрам Махаммед Кашкар шаарында командировкада жүргөн экен, телефон аркылуу байланышсак, карасуулук соодагерлердин дооматы жүйөөсүздүгүн, Кыргызстандын түштүгүндөгү базарларда саналуу гана мекендештери мыйзам чегинде жеке ишкерлик менен алектенишкендигин белгиледи.

Ал эми Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин бөлүм башчысы Акжол Абдыкеримов маалымдашынча, чет өлкө жарандарына 1775 орун бөлүнгөн, анын 700-800үнө гана уруксат берилген, ошонун 99 пайызы – кытайлыктар:

- Карасуу базарындагы соодагерлердин дооматы жүйөөсүз. Бизде чет өлкөлүк мигранттардын, анын ичинде Кытай жарандарынын эсеп-кысабы ачык-айкын. Бирок, бир нерсени ачык айтып коюуга тийишмин: жат мамлекеттин адамдарын текшерүү, жазана салуу, келиш-кетишин чектөө, депортациялоо биздин ыйгарым укуктарыбызга кирбейцт. Аны менен укук коргоо органдары шугурланат. Мыйзам бузуулар болсо, ошолорго кайрылышсын.

XS
SM
MD
LG