Эл аралык Transparency International бейөкмөт уюуму Кыргызстанды паракорчулукка баткан өлкөлөр катарына киргизди. Бул тууралуу уюмдун жылдык “Коррупциялык барометр” баяндамасында айтылат. Ага ылайык дүйнөдөгү коррупцияга чеңгелинен баткан өлкөлөргө Мянма, Сомали, Ирак, Гаити жана Өзбекстан кирген. Мындан тышкары
инвесторлордун ишенимине татыбаган өлкөлөр катарын Белорусия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан жана Түркмөнстан толуктады. Ал эми Дания, Финляндия, Нидерланды, Швейцария, Канада менен Норвегия таанышчылык, алыш-бериши жок үлгүлүү мамлекеттер катарына кирди. Transparency International бейөкмөт уюумунун бул баяндамасы көз карандысыз 12 институттун маалыматынын негизинде жарык көрдү. (EK)