Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

РУМЫНИЯ: КОРРУПЦИЯНЫ ДЕПУТАТТАР ӨЗДӨРҮ КАЛКАЛООДО


Европалык Биримдикке өткөн жылдын башында кабыл алынган Румыниянын парламенти коррупциялык кыңыр иштери бар атка минерлерди сот жообуна тартуудан калкалап жатат деген сынга кабылууда. 24-июнда депутаттар мурдакы премьер-министр Адриан Настазеге каршы коррупциялык иштер боюнча соттук териштирүүнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алуудан баш тартты.

“Европалык Биримдиктин ичинде укук нормаларды өзү билгендей бузуп-бурмалап, сот бийлигин колун байлоонун үстүндө көгөрүп иштеген бир мүчөсү бар. Ал өлкө өткөн жылдын башында биримдикке кошулуп атканда мыйзамдарын демократиялык аймактын талабына ылайык өзгөртүү жөнүндө берген убадасын системалуу түрдө бузуп келатат. Румынияга кош келиңиздер!»,-дейт румыниялык серепчи Трайан Унгуреану.

Укук нормаларын бузуп-бурмалоо өзүнүн туу чокусуна 24- июнда чыкты. Бул күнү парламент мурдакы премьер-министр Адриан Настазеге каршы коррупциялык иштер боюнча соттук териштирүүнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алуудан баш тартты. Бул саясий чөйрөдө дүң эткен орчундуу окуя, анткени айыптоолорду Румыниянын прокурорлору көтөрүп чыгышкан.

Бул окуядан соң румын серепчиси Трайан Унгуреану мыдайча өкүтүн билдирди:

"2007-жылдын аягында расмий бийликтеги коррупциянын таянган тоосу деп көп сындалган, Адриан Настазе башкарган Социал-демократиялык партиянын жетекчисинин орун басары жана мурдакы унаа министри Мирон Митреа антикоррупциялык органдардын укуругуна илинип кала жаздаган. Ал экөөн тең мамлекеттик каражаттарды ысырап кылган, пара алган жана туура эмес башкарган деп айыпташкан. Бирок жарым жылга созулган териштирүүдөн кийин тигил-бул жагынан чыгып кысып атып, акыры саясий дүрмөттүү кыңыр иштерди прокурорлордун колунан жулуп алышкан.

Конституциялык Соттун быйыл июль айында чыгарган токтомунда жогорку кызматтагы саясий ишмерлерди сот жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугу болушу керек деп айтылган. Бул норма өз кезегинде сөз болуп аткан эки саясатчыга сот жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө мүмкүндүк берип, алар кол тийбестик укуктары менен калканып, кызмат орундарында сайрандап жүрө беришти.

Румын саясатчылары өздөрүнүн кол тийбестик укугун абдан катуу баалашат. Өткөн жылы мыйзамчылар саясий ишмерлерге байланыштуу болгон иштер боюнча тинтүү жүргүзүүгө да оболу укук коргоо органдары эскертүү берсин деп Кылмыш Кодексин өзгөртүшкөн. Кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык ошондой эле укук коргоо органдары кимдин телефонун текшерип аткандарын жарыялашы керек жана алты айдан ашкан убакытка созулган кылмыш иштери жабылууга тийиш.

Мыйзамчылар ошондой эле өткөн жылы ири өлчөмдөгү банктык көз будамайлоону кылмыштардын катарынан чийип салышты жана жалпы журт сыйлаган чечкиндүү адилет министри Моника Маковей айымды кызматтан кууп салышты. Моник Маковейге Европалык Комиссия чоң колдоосу көрсөткөнүнө да карашкан жок.

Өткөн күздө румын парламенти акыры Абийирдүүлүк боюнча улуттук агенттикти түзүү жөнүндө маселени жактырып кабыл алган. Европалык Комиссия тарабынан сунуш кылынган бул агенттик саясий ишмерлердин үстүнөн көзөмөл кылууга тийиш. Бирок өкмөт жаңы орган үчүн бюджетте каражат караштыруу жагын чечиши керек. Аталган агенттиктин президентинин айтымында, каражат каралмайынча агенттик жылдар бою текшерүү иштерин бүтө албай, мажүрөө абалында калышы ажеп эмес.

Саясий элитаны кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу ошентип 24-июнда Настазе менен Митреага байланышкан окуялар менен өзүнүн туу чокусуна чыкты. Отурумга катышкан 251 депутаттын 208 гана бул токтом долбоору боюнча добуш берүүгө катышып, натыйжада соттук териштирүү маселеси жарга такалды. Парламент жайкы тыныгууга таркагандыктан, бир катар депутаттардын жана атка минерлердин башын ооруткан бул маселе кайра каралыш үчүн күзгө чейин күтүшкө туура келет.

24-июндагы окуя парламент адилеттикти камсыз кылуу боюнча эки баштуу система түзүп баштаган эки жылдык аракеттин туу чокусу болду. Коррупцияга каршы түзүлгөн механизм майда барат иштерге келгенде иштей берет, бирок саясий төбөлдөрдүн маселесине келгенде суу кечпей калууда. Настазе менен Митреаны калкалоо менен парламент өзүн иш жүзүндө мыйзамдан тышкары коюп койду",-дейт румын серепчиси Трайан Унгуреану.

"Румындардын макалы бар:"Эч ким мыйзамдан улук эмес, анткени эч кандай мыйзам жок. Румынияга кош келиңиздер",-дейт серепчи Унгуреану.

XS
SM
MD
LG