Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

А.МУРАЛИЕВ: УЛУТТУК КУРАМАГА КӨҢҮЛ БУРУЛУШУ КЕРЕК


Маектешкен Мээрим Султангазы 7-июнда башталган Европа чемпионаты кечээ соңуна чыкты. Баш байге үчүн Германия жана Испания курама командалары күч сынашып 1:0 эсеби менен Испаниянын командасы Европанын футбол боюнча чемпиону болуп калды. Мына ошол футбол боюнча финалдык оюндун жыйынтыгы тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев менен маектештик.

- Амангелди мырза, сиз өзүңүз кайсы команданы сүрөдүңүз?

- Негизинен мен Испания командасына көңүлүм жаткан. Оюн абдан жакшы болду, дүйнөлүк деңгээлдеги оюн болду. Мен ойлоп атам, Испания командасы өзүнүн күчүн кыйла өстүрүп, аны азыр күйөрмандарга көрсөттү деп.

- Евро-2008 чемпионаттын финалдык беттешүүсүнүн жыйынтыгына жалпысынан сиз кандай көз караштасыз? Чындыгында эле күч сынашуу болдубу? Испандыктардын күчү Германиядан үстөмдүк кылып турдубу?

- Чынын айтканда, оюн өзү көрсөтпөдүбү, футболдо мындай командалар топ киргизбесе анда начар ойногон командага топ кирет. Оюнду мен кечээ аябай жакшы талдадым. Негизинен, Испаниянын командасы биринчиден техника жагынан, экинчиден тактика жагынан жакшы ойноду, анан Испания мамлектине, элине берилип ойноду. Германия деле жакшы ойноду жогорку деңгээлде. Бирок чеберчилиги жетпеди.

- Буга чейин “Евро-2008”дин чемпиону Голландия болот деген жоромолдор да айтылып келген эле. Эң күчтүү делинген Голландия командасынын Орусияга утулуп калышы күйөрмандар үчүн өзүнчө күтүүсүз окуя болду. Ал эми кечээки оюндун жыйынгы сизге күтүлгөндөй эле жыйынтык берген турбайбы?

- Туура, Голландияны айтсак булар тактикадан жаңылды деп ойлойм. Эмне үчүн дегенде булар абдан күтөнүп, берилип ойношту. Ал эми Орусия команда менен ойноп атканда булар кичине чарчагандай болуп калышты, физикалык жагынан алы жетпеди. Ошондуктан менимче бул тренердин эле жаңылышы, бирок негизинен команда жакшы ойноду. Алар Орусиянын оюну, оюндан оюнга күчтөнүп баратканын эсепке алышкан жок. Негизинен, Орусиянын футболу быйыл кыйла өстү.

- Ал эми кыргыз футболу учурда кандай өнүгүп жатат. Ушундай “Евро-2008” сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги таймашууларга катышууга биздин спортчулардын мүмкүчүлүктөрү кандай?

- Биздики биздин турмушубузга жараша. Биздин федерация эл аралык федерация менен бирге, Азия конфедерация менен бирге футболдун өсүшүн системага салдык. Ошон үчүн азыр биздин күч менен ар бир Кыргызстандын булуң-бурчунда 120 тренер 4-5 жылдан бери иштеп атат. Андан бери биз чемпионатты жылдан-жылга уюштуруп, оюнчуларды ойнотуп атабыз. Мен ойлоп атам, кыргыздын футболу өзүнүн системасында федерация жагынан бир аз каралат. Бирок улуттук командаларга биздин мамлекет тарабынан көңүл бурулбайт. Анан элге билим берүү министрлигинде, мектептерде футболду өнүктүргөнгө көңүл бурулбайт. Мурда союз доорунда ар кандай секциялар бар эле. Азыр көпчүлүгү кыскарып кетти. Улуттук курама командаларга мамлекет түзмө-түз жардам бериш керек деген оюм бар.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG