Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

16:50 АКШ "Манас" аба базасына учак токтоп тура турган жай курат


БИШКЕК. АКШ "Манас" аба майданына коалициялык күчтөрдүн учактары конгондон кийин, токтоп тура турган атайын жай курат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Йованович айым “Азаттыкка” бүгүн берген интервьюсунда билдирди. Элчинин айтымында, бул биринчиден “Манас” аба майданында коалициялык күчтөрдүн учактары менен бирге конуп турган жарандык жана коммерциялык жергиликтүү учактардын коопсуздугу үчүн жасалууда. Учактар конуп турган жай кийин коалициялык күчтөр Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин “Манас” аба майданынын менчиги болуп калат. Бул максатта жакында АКШнын Конгресси курулуш иштери үчүн ири каражат бөлдү. Курулуш иштерине пайдаланыла турган курулуш материалдары жергиликтүү базардан сатылып алынат жана бул жерде кошумча жумушчу орундары ачылат, деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Мари Йованович. (КО)

XS
SM
MD
LG