Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫНА КЫРГЫЗСТАН АТАЙЫН КИЙИМДЕР МЕНЕН БАРАТ


Кечээ Бээжин олимпиадасына карата Кыргызстан олимпиада командасынын формаларынын бет ачаары болду. Аземге өкмөт башчы Игорь Чудинов катышты. Быйыл август айында баштала турган Бээжин олимпиадасына катышуучу Кыргызстандын спорттук командасына жергиликтүү чеберлер атайын форма тигишкен. Ал кыргыз мамлекеттинин символикалары менен жасалгаланган.

Бээжин олимпиадасына карата Кыргызстан олимпиада командасынын параддык жана спорттук кийимдеринин бет ачаарында өкмөт башчы Игорь Чудинов атайын тигилген форманы жаткырып, учурда 20 спортчу Бээжинге жолдомо алышканын билдирип, аларга ийгилик каалады:

- Биздин спортчулардан жыйырмасы Бээжин олимпиадасына жолдомо алышты. Олимпиадачыларыбыздын 2008-жылдагы Олимпиадага катышуусунун өзү эле чоң жеңиш. Биз спортчуларыбыз менен сыймыктана алабыз.

Премьер-министрдин айтымында, спорт кийиминин бет ачары экономикалык жагынан алганда да зор маниге ээ. Анткени, ата мекендик өндүрүүчүлөр алар спорттук кийимдерди эл аралык талаптарга ылайык тиге алыша тургандыгын далилдешүүдө.

Спорт адистеринин айтымында мурдакы олимпиадалык оюндарда кыргызстандык спортчулар кийген кийимдеринен уялып корунуп жүрсө, Бээжин олимпиадасына жолдомо алгандар жана расмий өкүлдөр үчүн атайын кийимдер тигилүүдө.

Сидней олимпиадасында Казакстандын делегациясынын олимпиадалык кийим-кечеси эле 2-3 миң долларга туруп, байпагынан, калпагына, кол аарчысына чейин 24-25 буюмду түзгөн.

Өлкөнүн Улуттук олимпиада Комитетинин президенти Мурат Саралинов да Кыргызстандын делегациясы Бээжинде казактардан кем калышпаган олимпиадалык формага, кийимдерге ээ болорун билдирип, аны атайын уз-чеберлер, дизайнерлер тигип жатканын айтты.

Бул жолу өң тааныштыкка салбай, олимпиадалык форманы даярдоо боюнча конкурс өтүп, мында "Мон и Зам" фирмасынын эскизи, үлгүсү жактырылып, чоң комиссиянын талкуусунан кийин даярдалып жатат.

Улуттук олимпиадалык делегациянын кийимдеринин үлгүсүн жараткан дизайнер Замира Молдошеванын пикиринде олимпиадалык форма - кызыл, сары, ак жана көк түстөрдүн айкалышынан туруп, улуттук өзгөчөлүктөрдү билдирген оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн:

- Биз учурдагы жагдайды жана Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүктөрүн, өңү-түсүн эске алып, эстетикалык жагын да карап олимпиадалык форма даярдадык. Жакынкы күндөрү спорттун бардык түрүнө ылайык спорт кийимдерди олимпиадачылар жана күйөрмандар кие алышат. Олимпиадалык форма - кызыл, сары жана көк түстөрдөн, улуттук өзгөчөлүктөрдү билдирген оймо-чиймелер менен шөкөттөлгөн.

Олимпиадалык кийимдердин адистер талкууга алып жактырылган үлгүлөрү даяр болуп, аны "Биксер" фирмасы тигип жатат. Олимпиадалык делегация мүчөсүнүн кийим-кечесинин наркы 1 миң долларга чыкты.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында ушундай үлгүдөгү спорттук кийимдер Бээжин олимпиадасынан кийин Азия оюндарында, дүйнө биринчиликтеринде да кыргызстандыктар ар дайым кийип чыгышат:

- Олимпиадачылардын кийим- кечесин даярдоо үчүн эле 1 миллион 300 миң сом чыгымдалды. Бул кийимдердин үлгүсү боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына дагы спортчуларыбызга форма тиктиребиз.

2006- жылы Дохадагы 15- Азия оюндарында бир жуугандан кийин өңү, боегу өчүп, кийүүгө жарабай калган кызыл спорт костюмдан көңүлү калган спортчулар буга ишенээрин же ишенбесин билбей күтүп турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG