Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

КАЗАКСТАН ЕККУга ТӨРАГАЛЫК КЫЛГАНГА “ДАЯР БОЛБОЙ ЖАТАТ”


Амирбек Усманов, Прага Казакстан 2010-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУга төрага болордон мурда өлкөдөгү демократиялык реформаны тездетүүсү зарыл. Мындай чакырууну Казакстанда ырасмий сапарда жүргөн АКШ Конгрессинин делегациясы жасады. Америкалык конгрессмендер Астанага ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын 17-жылдык сессиясына катышканы келген. Абройлуу уюмдун сессиясы Азияда биринчи болуп Казакстанда өтүүдө.

ЕККУнун былтыр ноябрда Мадридде өткөн сессиясы 2010-жылы Казакстан уюмга төрагалык кылсын деп чечкен. Мындай укук Казакстан өлкөнүн шайлоо мыйзамдары реформаланат, сөз эркиндиги кеңейтилет жана оппозициячыл партиялар чоң саясатка катыштырылат, деп убада кылгандан кийин берилген. Болбосо, Британия менен АКШ Казакстандагы адам укугу жана демократиянын абалына шылтап, өлкөнүн ЕККУга төрагалык кылуусуна каршы чыгып жаткан.

АКШлык сенатор Бенжамин Кардин 1- июлда Астанада болгон маалымат жыйынында, Казакстан былтыр Мадридде алган милдеттенмесин аткарбай жатканына токтолду:

- Бул милдеттенме саясый партиялардын укуктарын, шайлоо реформасын, диний уюмдарды жана эркин басма сөздү камтыйт. Прогресс 2008- жылы болуш керек. Айтылган милдеттенмени аткаруу үчүн 2008- жылы көп оң жылыштар болушу зарыл.

Билдирүүнү демократ- сенатор Кардин шейшемби күнү Казак жетекчилиги жана оппозиция лидерлери менен кездешкен соң жасады.

Конгрессмен Алси Хастинг болсо Казакстан демократиялык реформаларды кандай аткарып жатканын Кошмо Штаттары кылдат байкап турарын айтты. Хастинг ошол эле учурда Казакстандын дүйнөлүк базарга мунай сатууну көбөйтүүсүн оң баалады:

- Биз Казакстандын мунай өндүрүүнү көбөйтүү жана аны дүйнөлүк базарга чыгаруучу жаңы жолдорду издөө аракетин абдан жогору баалайбыз.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Йоран Леннмаркер да демократиялык реформалар аткарылбай жатып, Казакстандын ЕККУга татыктуу төрагалык кыларынан күмөн санаганын билдирди.

Казакстандын 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылуусун жактагандар, өлкөнүн экономикалык ийгиликтерин жана советтер союзунан мураска калган ядролук каруу жарагын жок кылуусун бетке тутушкан.

Президент Назарбаевдин сессиянын ачылышында сүйлөгөн сөзүнө караганда, Казакстан Батыштын талабына жараша азыркы бир партиялуу парламентини чукул арада реформалайт же таркатат көрүнөт:

- Биринчиден, парламентти экиден кем эмес партия түзчү укуктук механизмди иштеп чыгуу. Экинчиден, саясый партияларды курууга ылайыктуу шартты түзүү.

Нурсултан Назарбаев өз сөзүндө өкмөттөн маалымат каражаттарына бут тоскон бюрократтык тоскоолдуктарды да жойууну талап кылды. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Астанадагы сессиясы 3- июлда аяктайт.

XS
SM
MD
LG