Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

13:53 “Эр айдоочу” уюмунун башчысы Качкын Булатов 48 саатка кармалды


Тергөөчү Туратбек Байчаев мындай чечимди К.Булатов тергөөдөн жашынып кетиши мүмкүн деген себептен кабыл алган.Бул тууралуу Качкын Булатовдун адвокаты, укук коргоочу Акин Токталиев билдирди. Белгилүү болгондой Качкын Булатовдун “Де-факто” гезитинин айланасындагы чатакка тиешеси бар экени аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө “Де-факто” гезитинин редакциясына салык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүндөгү коррупция тууралуу маалыматты Замира Молдоева деген кимдир-бирөө алгач Качкын Булатовго алып келген. Макаланы бир аз оңдоо менен Булатов менен Молдоева гезитке басууга берген. Макала басылгандан кийин салык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысынын арызы менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргөн. Качкын Булатов макаланын автору Замира Молдоева табууга убада кылып, бирок аны аткара алган эмес. Учурда тергөөчүлөр Качкын Булатовго жалган маалымат тараткан деген айып коюуда. Адвокат Акин Токталиев тергөөчүнүн чечимин жокко чыгаруу үчүн шаардык прокуратурага кайрылаарын билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG