Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

КУРГАК УЧУКТУН ДАРЫГА МОЮН СУНБАС ТҮРҮНӨ ДАБАА ТАБЫЛДЫ ОКШОЙТ


Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму кургак учуктун өзгөчө түрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү боюнча жаңы демилге менен чыкты. Уюмдун ал демилгеси курагак учуктун дары –дармекке туруштук берген түрүн тезирээк аныктоо жана ага чалдыкан адамдарды туура жана натыйжалуу дарылоого багытталган. Бул ириде ички мүмкүнчүлүгү чектелүү өлкөлөрдө аталган илдет жайылып кетпөөсүн алдын алууну максат кылат.

Кургак учуктун англисче кыскача MDR – TV ( multidrug –resistant tuberculosis) деп аталган түрү же кыргызчалаганда көп түрдүү дары – дармекке туруштук берген кургак учук - азыр тез жайылып бара жаткан илдет. Саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, жылына кургак учук менен дүйнөдө катталган 9 миллион адамдын, кеминде 450 миңи илдеттин мына ушул түрүнө кабылгандар. Кургак учуктун бул формасын дарылоодо кадимки стандарттак терапиянын күчү жетпейт.

Аталган илдетке каршы чара көрүүдө буга чейин кыйынчылык жаратып келген дагы бир жагдай – бейтапка диагноз коюу жараяны бир нече айга созулганы эле. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун Кургак учук боюнча Женевадагы департаментинин лабораториясында адистер тобун жетектеген доктор Карин Вийир айым буларды айтат:

-Башкы көйгөй- лабораториялык диагноздун узакка созулганы эле. Бул диагноз коюуга эки - үч ай жен андан да көп убакыт кетет дегенди билдирет. Өзгөчө ВИЧ инфекциясына да чалдыккан бейтап болуп калганда, алар диагноз чыкканча каза тапкан учурлар кездешкен.

Саламаттыкты сактоо уюмунун адиси кошумчалагандай, диагноз чыкпай жаткан учурда илдетке чалдыккандар кургак учукту адаттагыдай эле сүйлөшүү же аба аркылуу тарата бериши толук мүмкүн.

Ал эми жаңы табылган диагностикалык тест эки күндөн ашык убакытты албайт. Наркы да кымбат эмес, сегиз эле доллар. Болгону бейтаптын шилекейи анда кургак учуктун дары-дармекке туруштук берүүчү түрүнүн ДНКсы бар же жок экени үчүн тешерилет. Бирок бул тест доктор Карин Вийирдин түшүндүрмөсүнө караганда, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун программасынын биринчи эле бөлүгү:

-Биринчи долбоор дарыга туруштук берген кургак учукту шилекейдин үлүгүсөн аныктоо үчүн негизделген ылдам жана жаңы тести өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө киргизүү. Долбоордун экинчи бөлүгү болсо, ошол илдетке кабылган бейтапты дарылагыдай дарыны табуу. Демек бул программа диагностика менен дарылоону байланыштырат.

Жогорудагы долбоор үчүн БУУнун – UNITAID программасы диагностикалык иштерге деп 26,1 миллион, ал эми дары –дармек менен камсыздоого деп 33, 7 миллион доллар каражат ажыратууда. Бул каражат ириде илдет көп жайылган жана ички ресурсу чектелүү өлкөлөр үчүн арналган. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун адиси Карин Вийир белгилегендей, дарыга туруштук берген кургак учук Африка менен Азиянын үчүнчү дүйнөгө кирген өлкөлөрүнүн эле көйгөйү эмес:

-Түштүк –Чыгыш Азия жана Африканын өлкөлөрү сыяктуу эле Орусия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринде да кургак учук, көп түрлүү дарыга туруштук берген кургак учук боюнча проблема бар. Бул долбоор дарыга туруштук берген кургак учук боюнча биринчи кезектеги жыйырма мамлекеттин он алтысында жаңы диагностиканы жана дары-дармекти киргизүүгө багытталган.

Женева шаарындагы пресс-конференцияда сөз болгон долбоорду жарыялоо менен Саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлдөрү бул кургак учуктун өзгөчө формасына чалдыккан бейтаптарга диагноз коюу жана дарылоодо олуттуу жыйынтык берерине гана эмес, дарылоонун чыгымын азайтарына да ишеним билдиришти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG