Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

РЕЖИССЕР НУРБЕК ЭГЕН “ТАРМАК” ТАСМАСЫ ЖӨНҮНДӨ ОЙ БӨЛҮШӨТ


Июндун акыркы күнүнөн тарта Орусиянын Биринчи каналынан "Тармак" (“Сеть”) деген көп сериялуу тасма көрсөтүлө баштады. Анда компьютердик хакерлерге каршы атайын даярдалган адистер жөнүндө айтылат. Бул тасманын режиссеру, жаш болсо да таанымал кыргыз кино устаты Нурбек Эген кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун айрым суроолоруна жооп берген.

Төрөкул Дооров: Нурбек, биз сиз менен алгачкы ирет мындан үч жыл мурда Москвада көрүшкөн элек. Анда сиз ушул "Тармак" (“Сеть”) деген тасмаңызды кызуу тартып жаткан учуруңуз болчу. Мына, арадан үч жыл өтүп, июндун акыркы күнүнөн тарта ал көп сериалуу тасмаңыз Орусиянын Биринчи каналы аркылуу көрсөтүлө баштады. Сиз эми ушул күндөрү Кыргызстанда жүрүп, кыргызстандыктардын алгачкы реакциясын өзүңүз жакшы байкап жатсаңыз керек?

Нурбек Эген: Сиз азыр үч жыл десеңиз, чынында, кызыкча болуп жатам... Чын эле фильмди тарта баштагандан бери үч жыл өтүп кетиптир. Бул тасманын жалпы элге көрсөтүлүшү көпкө кармалып калды. Тасма толугу менен тартылып, көрүүгө даярдалып бүткөндөн кийин да бир жыл өтүп кетти. Фильмдин саясий да өңүтүн эске алып, Орусиядагы парламенттик, президенттик шайлоолор учурунда көрсөтпөй турушкан, эми ал учур келди окшойт. Ошентип, көптөн күткөн премьера да болду. Москвадан мага көптөгөн актерлор, чогуу иштеген адамдар чалышты. Кыргызстанда болсо азыр эми таанып, көрүп калган адамдар “А, жанагы “Сеть” деген фильмди сен тарткан турбайсынбы?” деп, куттуктап жатышат. Азырынча эми кинону толугу менен көрүшпөсө да, Биринчи каналга чыккандыгы үчүн эле куттуктап жатышса керек. Ошондуктан тасманын маани-мазмуну, сапаты тууралуу бир-эки жумадан кийин сүйлөшсөк толугураак болот го дейм.

Төрөкул Дооров: Бул фильмдин сюжетинде 1980-90-жылдарда өсүп, жетилген антихакерлер тууралуу баян этилет экен. СССРдин тушунда да дүйнөдө технологиясы өнүккөн мамлекеттердин хакерлерине туруштук бере ала турган компьютердик программисттерди даярдоо боюнча атайын жашыруун долбоор иштегени тууралуу айтылыптыр. Ал учурда дүйнө жаңы доорго кадам шилтеп, коом менталдык жагынан да, экономикалык жагынан да оор абалды баштан кечирип жаткан. Сиз өзүңүз да ал учурду баштан өткөрдүңүз. Фильмди тартып жатканда ал учурду кайра жашап өткөндөй сезим болбодубу?

Нурбек Эген: Андай деп деле айта албайм. Себеби фильмге тартылган каармандар менден 5-6 жаш кичүү. Экинчи айырмачылыгы – мен кыргызстандык, алар – орусиялыктар. Биз ар башка тарбияда өскөнбүз. Анын үстүнө, мен айылда өсүп, чоңойгом. Ошондуктан тасманы тартуу учурунда мен өзүмдүн жеке турмушумдан же билген адамдарымдын турмушунан алып, фильмге кошо турган мисалдар аз эле болду. Фильмдеги каармандар ал учурдагы оорчулукту баштан кечиришкен деле жок. Аларды жаш кезинен тарта атайы долбоордун негизинде тарбиялап, өстүрүшкөнүн өздөрү 25 жашка чейин билишкен деле эмес. Мындай тагдырлуу адамдар аябай эле аз. Ошондуктан көбүнчө образдаштырылып тартылган кино. Орустарда азыр муну "укмуштуу окуялар тасмасы" (“приключенческий фильм”) деп жатышат. Мында чындыгы да бар.

Төрөкул Дооров: Бул жолку тасманын үстүнөн иштегендердин катарында сиз менен буга чейин да иштешип келген адамдар бар экен. Мисалы, бул жолку тасмага музыка жазган композитор Алексей Айги сиздин “Атанын керээзи” тасмаңызга да музыка жазып берген болчу. Андан сырткары, “Тармак” фильмиңизде белгилүү актерлор катышыптыр. Бул адамдар менен иштешүү кандай болду?

Нурбек Эген: Кыргызда “Досуң ким экенин айтаң – сенин ким экениңди айтып берем” деген жакшы бир сөз бар. Ар бир эле адамдын чөйрөсү өзүнүн жан дүйнөсү, ой-максаттарынын негизинде калыптанат. Мен Алексей Айги өңдүү адамдар менен иштешкеним да биз бири-бирибизди чыгармачыл деңгээлде жакшы түшүнө билгендигибизден болсо керек деп ойлойм. Ошондуктан көптөгөн режиссерлор өздөрү жакшы тааныган, билген актерлор, композиторлор менен иштешет го. Алексей Айги болсо, бир чети, биздин тууган десек да болчудай. Анткени ал өзү - тувалык композитор, атасы – тувалык акын.

Төрөкул Дооров: Нурбек, ошентип, азыр Орусиянын Биринчи каналын көргөндөрдүн баары сиздин тасмаңызды көрүп жатышса керек. Жалпысынан 12 бөлүктөн турат экен. Кийин аны DVD ден качан көрө алабыз?

Нурбек Эген: Биз Орусиянын Биринчи каналы менен түзгөн келишимдин негизинде, фильм сыналгы аркылуу көрсөтүлүп бүткөндөн эки жумадан кийин DVD де да чыгып калышы керек.

Төрөкул Дооров: Маегиңиз үчүн чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG