Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

АВСТРАЛИЯ: МУСУЛМАНДАР ЖЕРГИЛИКТҮҮ БАШКА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЭРИШ-АРКАК ЖАШАП КЕТЕ АЛАБЫ?


Кубат Чекиров, Прага Австралиянын калкынын ичинде мусулмандардын саны көбөйүүдө. Бирок сырттан келген калктын миграциясы социалдык курчуган маселелер менен коштолууда. Соңку олуттуу көйгөй Сиднейдин жанындагы Камден шаарында ислам мектебин ачуу аракетинен келип чыкты. Бир катар жергиликтүү тургундар каршы болгондуктан, муниципалдык бийлик ислам мектебин ачууга улуксат берген жок.

Камден Австралиянын эң чоң шаары Сиднейдин жанында бөксө тоолордун арасынан орун алган. Бул 19-кылымда Жон Макартур жүндөрү мыкты меринос койлорду өздөштүргөн атактуу жер катары да белгилүү. Бирок Камдендин жашоочуларына азыр анын тарыхы анча кызык эмес, аларды эртеңки тагдыры көп ойго салып жатат. Анткени, алардын мусулман жердештеринин шаардын четинде ислам мектебин куруу тилеги ишке ашпагандан кийин, жергиликтүү эл менен камыр-умур болуп жашоого да көздөрү жетпей тургансыйт.

Камдендеги Макартур атындагы тургундар уюмунун президенти Эмил Сремчевич Азаттык үналгысына өзүнүн жеке көз карашын билдирип, ислам мектебин курууга эмне үчүн каршылык болуп жатканын мындайча түшүндүрдү:

-Ислам башка маданияттар менен батышпай турган бир кылка маданият, башка маданияттар бөлөк-бөтөндөр менен жуурулушуп жашай берет. Бирок исламда мындай жок. Анын окуусу башка коомдорго жуурулушуга жол бербейт»,-дейт Эмил Сремчевич.

Май айында жергиликтүү бийлик ислам мектеби үчүн имарат куруу жөнүндө арызды карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Шаар акими Крис Паттерсон бул долбоор тийиштүү талаптарга жооп бербегендиктен канааттандырылган жок деп билдирген:

-Арыз шаардык кеңешке келип түшкөн, Кеңеш арызды карап чыкты, бирок арызда курулуш жаатында бир катар талаптарга толук жооп берилген эмес, ошондуктан арыз канааттандырылган жок», -деген мэр Крис Паттерсон.

Бул маселенин оң чечилбей калган бир себеби катары, мектеп салуу долбоорунда жер кыртышынын булганышын алдын алуу жагы каралбаганы айтылат. Сөз болуп аткан жер азыр айдоо жер, ал эми мектеп курулмакчы болгон жерден 600 метр аралыкта ушул тапта иштеп жаткан башка бир орто мектеп жайгашкан. Адвокат Крис Гаф Куран үйрөнүү уюмунун атынан Камдендин Кеңешинин чечимине каршы жогорураак сот бийлигине арыз жолдой турганын билдирүүдө. Анын айтымында, Кеңештин чечими жеткиликтүү негизделген эмес.

«Биздин алдыга койгон иш-аракетибиз төмөнкүдөй: Эгерде бул маселе боюнча арыз менен жогору жакка кайрылсак, анда мектеп куруу мүдөөбүздү ишке ашыруу үчүн умтула беребиз жана ьул долбоорду четке кагууга негиз жок экенин тастыктоого далалат кылабыз»,- деген эле адвокат Грис Каф.

Жогоруда Камдендин тарыхына учкай кайрыла кеткен себебибиз, бул шаардын ислам менен байланышы бар. Бул жерде немец ак сөөгү Фредерик фон Франкенберг аялы менен жашаган. Алар өз кезегинде индиялык суфилердин жолбашчысы Хазрети Инаят хандын шакирттери болушкан. Фон Франкенберг 1920-жылдары Камденде ар кандай диний иш чараларды өткөрүп, көптөгөн меймандар келип турчу.

Мектеп маселеси же мусулмандардын Австралия коомуна камы-жумур аралашуусу жөнүндө Куран үйрөнүү коомунан же Жаңы Түштүк Уельс штатынын Ислам Кеңешинен да кандайдыр бир ой-пикирлерди алууга мүмкүн болбоду. Бирок Ислам Кеңешинин сайтында анын төрагасы Али Руденин АКШдагы 11-сентябрдагы террордук кол салуулардан кийин Австралиянын бийликтери исламды мокочо кылып көрсөткөн сезимдин кучагынан чыга албай жатканы жөнүндө айткан сын пикири камтылган.

Али Руденин айтымында, исламдык жана арабча сүйлөгөн жамааттарды Австралияда жаманатты кылуу жана басмырлоо аракеттери болуп келатат, ошондуктан мусулмандар чыйралып өз алдынчалыгын көрсөтүүгө аракет кылууда. Ал сайттагы макаласында Австралиянын террорго каршы мыйзамдары боюнча жалан эле мусулмандар камалып жатат деген оюн айтат.

Руде бул жерде бир чети, жаңылыктарды алып учуруп сенсация жасап жатышкан ММКнын да күнөөсү бар деп белгилейт. Ырас, ММК 2005-жылы 11-декабрда Сиднейде болгон тополоң жөнүндө далай эле жазышты. Чатак 4-декабрда Сиднейдин түштүк жээгиндеги Кронулла пляжында жаш араб балдар суудан кучкаргычтарга кол алган окуядан башталган. Бир жумадан кийин австралиялыктар жэкке чогулуп, колго урунган ливандыктарды сабап киришкен. Ошо аптада Сиднейде ливан жаштары башка мусулман жаштары менен биригип, алар менен европалык-австралиялык жаштардын ортосунда кармаштар болгон. Атка минерлердин айтымында, бул тополоң азыркы Австралиянын тарыхында жатташкан тараптардын ар биринде расисттик сезим кайнаган өзгөчө бир окуялардан болгон.

Сүрөт www.smh.com.ua сайтынан алынды
XS
SM
MD
LG