Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Колумбияда алты жыл туткунда кармалган саясатчы Ингрид Бетанкур бошотулду


Президенттикке мурдагы талапкер, белгилүү саясатчы Бетанкур менен кошо дагы он төрт адам бошотулду. Алардын арасында америкалык 3 жаран да бар экени кабарланууда. Алар колумбиялык күчтөр өздөрүн ассистент катары көрсөткөн кансыз операция менен бошотулууп алынды. Бул адамдарды ФАРК козголоңчулар тобу бир нече жыл бою туткунда кармап турган. Колумбиянын коргоо министри бошотулгандардын саламаттыгы түзүк экенин билдирди. Маалыматтарга караганда, ФАРК тобу туткунда жети жүздөй адамды чытырман токойлордо кармап турат.

XS
SM
MD
LG