Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

АКҮЙГӨ ЖЕТПЕСЕ АЛЛАГА ЖЕТЕР


Президент К. Бакиевге, премьер-министр И. Чудиновго, ЖК депутаттарына жана шаар башчысы Д. Үсөновго Фомова атындагы калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук бирикменин Кайрылуу катын бүгүн жарык көргөн “Общественный рейтинг” гезити басып чыгарды. Кайрылууда кары-картаңдар көбүнүн алган пенсиясы кымбатчылыкка туруштук бере албастыгын, ошондуктан пенсиясы аз көлөмдөгүлөрдүн бардыгына кошумча акча төлөп, ысык, муздак сууну, газ менен электр энергиясын эсептөөчү приборлорду бекер коюп берүү талабын койгон. Аларды ошондой эле коомдук транспорттордо жүргөндүгү үчүн төлөнө турган акчанын аздыгы, ал жолкиреге жетпестиги бушайман кылып аткандыгы, андыктан аны кайрадан карап чыгуу үчүн коомдук экспертиза түзүүнүн зарылдыгы көрсөтүлгөн. Кайрылуунун аягында аларды сарсанаасыз, бакубат турмуштан ажыраткан чечимдер улам митинг, пикетке чыгууга аргасыз кылып келатканы, буга байланыштуу эми аларды Акүй алдына чыгарбай эле ошол жерде олтургандар айткан арыз-муңдарын угат го деген ишенич менен кат жолдоп жаткандыктары айтылган.

Ушул эле гезит Айыл, суу жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин кызматкери Анара Сатыбалдиеванын “Соода түйүндөрүндөгү көптөгөн кыргызстандыктар арзандыгына карап кытайдан келген эттерди сатууга өтө баштады” деп айткандарына түшүндүрмө берген. Адистин айтымында акыркы күндөрү аткезчилик жолу менен келип аткан “кытай эттери” ветеринардык кызмат тарабынан текшерилбейт. Кийинки кездери ишкерлерди текшерүүнү кыскартуу боюнча бир топ мыйзамдар кабыл алынып жатканы менен анын баары эле оң натыйжаларды берген жок. Маселен ошол мыйзамга жамынып алган соодагерлер аны жалаң өз кызыкчылыктарына пайдаланууда. Алар кардарларга кандай товар, эмне товар сатуу жоопкерчилигин сезбей, алтургай эч нерседен коркпой калышкан. Ал эми “Жөжөнү күзүндө саначу беле?” деген макалада министр А. Ногоев Кыргызстандыктарга быйыл түшүм аз болот деп эскерткенин, муну менен министр мырза күзүндө баштала турган азык-түлүк бороонунан, ошол бороон менен балким кошо кете турган отставкасынан алдын алып айтып аткандыгын, эгер түшүм болбой калса, ансыз да баасы 10-12 сомго жеткен бөлкөнү коңшу өлкөлөрдөн сатып алып каларыбызды, иши кылып Ногоев мырза жаман оюндун таманына жакшы мина койгусу келип сыйпалатып, буюрса келечекте үрөнчүлүктү, айдоо анттарын жакшыртуу боюнча биртоп олуттуу программаларды, токтомдорду токуп жатабыз деп сүйлөгөнүн белгилеп, бирок ошол тойгузбаган токтомдордон тольк болор бекен деп суроо койду.

“Алиби” гезити Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаевге берген суроо-жооптордун соңку бөлүгүн окурмандарына тартуу кылды. Маселен Бекназаров Медет Садыркуловдун ишин Башпрокуратура билерин, анткени Садыркулов өзү “420 миң долларды алып, сейфтеги Мисир Ашыркуловдан калган 80 миң долларды кошуп Акаевге бергемин” деп айтканын, Акаев болсо “Мен алган жокмун. Калп” дегенин, бирок Улуттук Банктан Садыркуловго акча берилгенин, бул жерде Садыркуловдун Акаевге бергени же бербегени күмөн болуп турганын, демек Садыркуловдун бул кылмыш ишине тиешеси барын, ушуну билип туруп Башкы прокуратура ишти кармап жатканын, 24-марттагы революцияга катышкандыгы үчүн өкүнбөстүгүн, анткени адамзаттын, мамлекеттин турмушу 4-5 жыл менен эле бүтүп калбастыгын, тилекке каршы Бакиев Акаевдин ордун ээлесе, балдыздарынын ордун инилери, Айдардын ордун Максим ээлегенин, өлкөдө түп тамырынан бери эле баягыдай болуп калганын, ошондуктан эл арасында “Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар” деген сөз айтылып жүргөнүн, революцияга катышкандар, Кыргызстандын эли-Бакиевге Акаевдин системасын улап кеткенге жол бергендиктери үчүн өкүнөрүн билдирген.
Гезит “Орто Азия суу террорчулугу башталабы?” деген чакан кабарында Борбор Азиядагы күндөн-күнгө күчөп бараткан суу тартыштыгы террорчулукка алып келиши мүмкүн экендигин ШКУнун баш катчысы Болат Нургалиев билдиргенин, анын айтымында бөлүштүрүү маселесинде суу ресурстарынын так чечилбей келе жаткандыгы аймактык, диний жана улат аралык чыр-чатактардын чыгышын шарттаарын, ошондуктан Кыргызстан азыртан эле чегарасын бкекемдеп, суу көйгөйүн чечүү отурумдарында маселени кабыргасынан коюшу керектигин, суунун газ, электр энергиясы сыяктуу эле товар экендигин коңшуларга таанытып, аны алып келеткандыктары үчүн акы төлөп берүүнү талап кылуу зарылдыгын айтуу менен “Деги биз качанкыга дейре эле “Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт болуп жүрө беребиз” деп жазды.

Гезитке ошондой эле Талас районундагы Көпүрө-Базар айыл тургундарынын бүтүндөй Талас элине кайрылуусу басылды. Кайрылуу менен чыккандар “Андаш” алтын-жез кени СССР учурунда эле ачылып, бирок запасы аз болгондуктан иштетилбегендигин, бүгүн аны иштетебиз дегендерге жайкалган жайытты, айылды аралай аккан Талас дайрасынынын башаты болгон Кара-Кол суусун таза сактап калууну көздөгөн калктын 90 пайызынан көбү каршы экендигин белгилеп, алтын менен кошо келчү 7 кесепетти санап көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG