Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

БЭЭЖИНДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН НАМЫСЫН А.ТАЛАСБАЕВ КОРГОЙТ


Бээжинде өтө турган 29-олимпиадалык оюндарга Кыргыз туусун бокс боюнча эл аралык спорт чебери Асылбек Таласбаев көтөрүп барып, өлкө намысын коргойт. Кыргызстандык боксчулардан бир гана Бээжин олимпиадасына жолдомону Астанадагы Казакстандын президентинин куброгунда утуп алган Асылбек Таласбаев да олимпиаданын алтын байгеси үчүн аракет кылаарын “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Быйыл август айында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга боксчу Асылбек Таласбаевдин даярдыктары кандай? Бээжин олимпиадасында анын негизги атаандаштары кимдер?

Бээжинде өтө турган олимпиада оюндарга кыргызстандык спортчулар учурда 19 жолдомо жеңип алган болсо, алардын төртөө гана кыргыз жигити. Төртөөнүн бири- эл аралык спорт чебери Асылбек Таласбаев. Ал апрель айында Астанада өткөн бокс боюнча Казакстандын президентинин кубогунда 60 кг салмакта финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынуу менен Бээжин олимпиадасына жолдомо алган.
Профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, учурдагы парламент депутаты Орзубек Назаровдун устаты – Геннадий Аноприев Асылбектин учурдагы машыктыруучусу болуп саналат. Ошентип кыргыз жигиттеринен Бээжин олимпиадасына боксчу Асылбек Таласбаев алгачкы жана бокстан жалгыз жолдомону жеңип алды.

Асылбек Таласбаев алдыдагы максаты Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орунга жетүү экенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирип, даярдык көрүп жатканын айтты. “Астанадагы мелдеш курч мүнөздө өтүп, Бээжинге жолдомо алдым. Эмки максат Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, байгелүү орунга жетүү”, - дейт Асылбек Таласбаев.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин бөлүм башчысы Орозбек Евгачев пикиринде Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргой турган Асылбек Таласбаевдин даярдыгы үчүн спорт жетекчилиги бардык шартты түзүп берүүдө:
- Айрыкча Бээжиндеги олимпиадалык таймашта бокс боюнча Асылбек Таласбаев баш байгеге талапкерлердин бири болушу мүмкүн. Бээжин олимпиадасына даярдык көрүү үчүн мамлекетик агенттик өлкөнүн бокс федерациясы менен бирге Асылбекке бардык шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз.
Булгаары мээлей чебери Асылбек Таласбаев үч бир туугандын кенжеси. Агасынын жолун жолдоп Асылбек да бокс менен 12 жашынан бери машыгып, 14 жашында өспүрүмдөр арасында өлкө чемпиону болгон.
Асылбек Таласбаев 26 жашта. Быйыл үйлөнүп, өзүнчө түтүн булатып, келинчеги Надира жана апасы Клара болуп бирге турушат. Асылбек учурда баралына келип, толуп турган убагы. Сегиз жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп, тандалма команданын катарында жүрөт. Анын алгачкы жана учурдагы машыктыруучусу өлкөгө эмгек сиңирген устат Геннадий Аноприев. Ошондой эле Асылбек Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болуу менен эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон.
Ал апасы жана келинчеги менен бирге Кант шаарында жашайт. Асылбек Кыргыз дене тарбия академиясын жана Юридикалык академияны бүтүргөн. Ошондой эле Асылбек Таласбаев уландар, чоңдор арасында Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону да болуп саналат. Ал салмагын түшүрүп, табын кармап 60 кг салмакта өлкө намысын коргоп келатат. Себеби 2004-жылы ал Афина олимпиадасына катышып, анда 57 кг салмакта күч сынашып, мурдакы алган жаратынын айынан биринчи беттешүүдө эле утулуп, таймашуудан четтеп калган.
Жогорку кеңештин депутаты, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаровдун пикиринде Асылбек Таласбаев учурда табына келип, чеберчилиги артып турган учур.

- Асылбек Таласбаевдин жылдызы жанып, табына келип турган чагы. Учурда мурдакыдай жыга койгон соккулар бокста сейрек, чапчаң, шамдагайлык менен упай топтоп, техникалык даярдыгы мыктыларга ийгилик жылоолойт. Асылбек дагы ушундай мүнөздөгү боксчу. Ал Бээжин олимпиадасында байгелүү орунга жетип калышы толук ыктымал.

Бокс боюнча эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Маамыт Акеровдун пикиринде Асылбек Таласбаев кыргыз боксчуларынын чыныгы жүзүн, чама-чаркын быйыл жайында Бээжинде боло турган жайкы олимпиадалык оюндарда көрсөтөт. Себеби ал максатына жетүүгө дилгир өжөр жана мээнеткеч жигит. Учурда Кантта, Москвада машыгууларды өткөрүп, даярданып жатат. Кыргызстанда бокстун таасири жанып, чеберчилик төмөндөп баратат” деп “Азаттыкка” билдирди Маамыт Акеров:

- Ошондой эле Бээжинде балбан Асылбек Таласбаев баш байгеге талапкерлердин бири болушу толук ыктымал. Себеби ал максатына жетүүгө дилгир өжөр жана мээнеткеч жигит.
Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат. Ал эми бокс таймашууларынын финалы 22-23- августта болот. Бээжиндеги олимпиадалык күч сынашууларды 21 миңден ашуун журналист чагылдырып турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG