Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

МОТТАКИ: ИРАНГА НЕ АКШ, НЕ ИЗРАИЛ КОЛ САЛА АЛБАЙТ


Иранга кол салганга АКШ да,Израил да батына албайт, деп билдирди Нью-Йоркто иран тышкы иштер министри Манучехр Моттаки кечээ Associated Pressтин кабарчысына. Андан саал мурдараак Вашингтондо президент Жорж Буш АКШ Ирандын ядролук программасына байланыштуу чатактын дипломатиялык жол менен чечилишине артыкчылык берерин, бирок башка ыкмалар да күн тартибинде каларын айткан эле.

Вашингтондо өткөргөн маалымат жыйынында президент Буш иран темасына кайрылып: “Бардык ыкмалар каралып жатканын такай айтып жүрөм,бирок АКШ үчүн проблеманы дипломатиялык жол менен чечүү башкы вариант бойдон калат”, - деп билдирди. Ошол эле учурда ал “сүйлөшүүлөр үстөлүндө башкалар колдоого албаса маселенин дипломатиялык деңгээлде чечилиши мүмкүн эместигин” да эскертип,ушул себептен улам “көп тараптуу дипломатияга басым жасап келатканын” кошумчалады. АКШ азыр Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү жана Германия болуп биргелешип Тегеран менен активдүү талкуу-таңаштарды жүргүзүп жатат.Бул аракеттерде,Буштун айтымында, айрым жылыштар байкала баштады.

Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки ядролук проблеманы жөнгө салуу боюнча “алтылыктын” жаңы сунуштары Тегеранда кылдат иликтенип,каралып жатканын ырастады. Моттаки не АКШ,не Израил Иранга батынып кол саларына да ишенбейт. Америкалык аскерлер азыр Ирак менен Ооганстанга бекем “байланып” калышты. Мындай шартта Иранга каршы согуш ачуу, Моттакинин айтымында, АКШ үчүн анык “акылдан ажырагандык” болор эле. “Эгер бизге кысым жасоонун насили өзгөрүп,ал согуш каражаттарына өтө турган болсо,анда сөздү аскерилер алат жана алар “өз тилинде” сүйлөгөнгө аргасыз болушат. Ошондуктан биз маселенин саясий жана дипломатиялык чөйрөдө калышын каалайбыз жана дипломатиялык чечим табуу жолун эп көрөбүз”,- деп айтты Моттаки.

Буга катарлаш Пентагондо өткөн маалымат жыйынында АКШнын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылар комитетинин төрагасы адмирал Майкл Маллен Иран ядролук курал түзүү жолунда баратканын, региондогу абалга бүлүк салган фактор бойдон калганын, муну жакын арада токтотуу зарылдыгын белгиледи. Бирок адмирал буга дипломатиялык жана финансылык кысым көрсөтүү аркылуу гана жетишүү керек деп эсептейт. “Ал эми жакынкы аралыкта үчүнчү фронт ачуу маселесине келсек, ал бизден эпсиз күч-аракеттерди топтоону талап кылмак,- деп айтты адмирал. Мунун өзү АКШда мүмкүнчүлүктөр жана резервдер чукактык кылат дегенди билдирбейт,бирок бул чын эле жеңил иш болбойт. Мындай кадамдын салакалары кандай болорун да болжош кыйын”.

Адмирал Жакынкы Чыгыш дүйнөнүн өтө коогалуу бөлүгү экенин эске салып, аны ого бетер коогалаң аймакка айлантууну жеке өзү каалабай турганын ырастады. Маллен иран проблемасын аскери жол менен чечкенге мурдатан эле каршы чыгып келатат. Бирок анын бул жолку комментариясын байкоочулар Иранга каршы аскери операция баштоо планы коңулда кантсе да талкууланып жатканын көрсөткөн каңкууга жорушту.

Адмирал,айтмакчы,өткөн аптада Иерусалимде болгон учурда израилдиктер Иранга сокку уруу пландары тууралуу ага айтышкан-айтышпаганын такыктаган суроолорго таптакыр жооп берген жок. “Нью-Йорк таймс” гезити жакындагы бир макаласында Израил Ирандын атомдук ишканаларына сокку урууга камынып жатканын,операция быйыл жыл этегине барып башталышы ыктымал экенин жазып чыккан эле.

XS
SM
MD
LG