Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

ТҮРКИЯДА КЫРДААЛ ЖАРДЫН КЫРЫНА ЖАКЫНДООДО


Аким Өзгөн, Түркия. Түркияда саясий абал улам курчуган мүнөзгө өтүп баратат. Башкаруудагы АК партиянын иши Конституциялык Сотто каралып жаткан кезде, армиянын отставкадагы генералдары баш болуп бир катар таанымал кишилердин камакка алынышы, ансыз деле бычактын кырында турган абалды ого бетер чыңалтып, айрым серепчилердин пикиринде өлкөдө жикке бөлүнүү коркунучу пайда болууда.

Түркияда түзүлүп калган кырдаал, сыртынан байкаганда, кадыресе жөндүү жана ар бир демократиялуу өлкөдө боло калчу утурумдук кризистей сезилген менен иш жүзүндө болуп жаткан окуялар, бири бирине карама-каршы, эки айрым дүйнө таануу системасынын ортосундагы айыгышкан күрөштүн таасирин бере баштаганы байкалат.

Бир жакта Конституциялык Сотто иши каралып жаткан башкаруудагы исламчыл маанайдагы Адилет жана Өнүгүү партиясы жана анын жактоочулары, экинчи жакта өзүн Мустафа Кемал Ататүрктүн осуяттарынын сакчысы эсептеген секуляристтик-лайик чөйрөлөр болуп, өлкө улам барган сайын ого бетер кандайдыр бир ыдыроонун кырына жакындап бараткандай…

Айрым саясий байкоочулар дагы тастыктагандай, ЖОЖдордо кыз-келиндердин кудум Иран Ислам Жумуруятында же Ооганстандагыдай жоолук жамынып билим алуу укугун камсыз кылуу максатында өкмөт өз колу менен учугун чубап жиберген бөөдө жаңжал, жүрүп олтуруп, өлкөнүн тарыхындагы эң ири саясий кризиске айланып калды.

Ушул жумада Конституциялык Сот башкаруудагы Ак Партиянын жабылуусун талап кылган мамлекеттик прокурорду жана партиянын коргоочуларын жекеме жеке угуу менен өз ишин улантты. Ошол эле кезде өкмөткө каршы кутум уюштурду деген шек менен башталган тергөө жумуштарынын чегинде 21 киши, анын ичинде отставкадагы үч генерал камака алынды.

Өкмөт чөйрөлөрү карандысыз сот бийлигинин эрки катары баалаган менен, бир катар чөйрөлөр анын ичинде оппозициядагы ЖКП ‘Эргенокон’ деп аталган шарттуу наамдуу бул операцияны өкүмөттүн өч алуу аракети катары эсептөөдө.

“Эгер бул чынында эле укуктук бир тергөөнүн, легалдык бир иликтөөнүн же сот адилеттигинин натыйжасы болгондо, анда ар ким ага урмат этип моюн сунат эле. Бирок коомдук пикирде терең шектенүү сезимдерин пайда кылган бул окуялар сот адилеттигинин бир көрүнүшү болуудан көрө, кандайдыр бир саясий өч алуу жараянына айланып баратканы кишини тынчсыздандырбай койбойт”,- деп ЖКПнын лидери Дениз Байкал өкмөткө чоң кине койду.

Анын бул айыптоосуна жоопту кечээ Ак Партиянын төрагасынын орунбасары Денгир Мир Фырат кайтарды.

“Урматтуу Байкал эмне үчүн тынчсызданып жатканыңызды биз жакшы түшүнөбүз; бирок мунуңуздан эч майнап чыкпайт. Сот биз тууралуу иш козгогондо туура, террорчулук менен айыпталгандарга каршы болгондо туура эмес иш кылган болобу. Жок, силер провокация үчүн шылтоо издеп жатасыздар, бирок бул жерден майнап чыкпайт, башка эшике баш багыңыздар»,-деп Дениз Байкал мырзаны кыпчып сынга алды.

Ал эми осттавкадагы генералдардын камака алына турганы тууралуу өкмөт башчысы Эрдоган армиянын штабына алдын ала маалымат берди деген кабарларды Генштабдын төрагасынын орунбасары генерал Илкер Башбуг чечкиндүү түрдө четке какты.

Кабарчылардын алдында чыгып сүйлөп: “Бул тууралуу айтылып жаткан кабарлар, басма сөздөрдөгү материалдар, баса белгилеп айткым келет- эч кандай бир чындыка жатпаган туура эмес кабарлар. Өкмөт башчысы менен болгон кезектеги сүйлөшүүдө бул тууралуу эч кандай бир сөз болгон жок”,- деди генерал Башбуг.

XS
SM
MD
LG