Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

7: 52 “Замандаш” партиясынын төрагасы Муктар Өмүракуновду каржы полициясы суракка алууда


Бүгүн жарыкка чыккан “Агым” гезити кечээ кечинде суракка чакырылган Муктар Өмүракунов камакка алынганын, анын себептери белгисиз экенин учкай жазып чыкты. Аталган партиянын жооптуу өкүлү болсо Муктар Өмүракунов камакка алынбаганын, бирок сурак берип жатканы чын экенин, камакка алынбаганы менен түнү бою үйүнө жиберилбегенин бүгүн эртең менен “Азаттыкка” билдирди. Партиядан билдиришкенге караганда, Муктар Өмүракунов миграция боюнча мамлекеттик комитетте статс-катчы болуп турган учурунда кол коюлган айрым финасылык документтер боюнча сурак берүүдө. Иш күнү баштала элек болгондуктан бул боюнча каржы полициясынан маалымат алууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. “Замандаш” партиясы бүгүн бул иштин чоо-жайы боюнча маалымат таратмакчы.(SM)

XS
SM
MD
LG