Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

АРМЕНИЯ: ЖАЙ САЯСАТТА ДА ЫСЫК БОЛЧУДАЙ


Арменияда бүгүн, 4-июлда оппозиция кезектеги митингин өткөрөрү күтүлүүдө. Бул армян оппозициясынын соңку жарым ай ичиндеги үчүнчү демонстрациясы болот. Талдоочулар соңку окуяларды өлкөдөгү саясий кризис жөнгө салына электигин, атүгүл азыркы жай менен алдыдагы күздө уланарынын ачык белгиси катары баалап жатышат.

Арменияда быйыл президент алмашкан эле. Мамлекет башчылыгына мурдагы президент Роберт Кочеряндын карабахтык жердеши, ошондой эле анын тандалган мураскери катары эсептелген Серж Саркисян шайланып, 9-апрелде кызматына расмий киришкен. Ал президенттикке келгенге чейин коргоо министри жана премьер-министр болгон. Расмий маалымат боюнча Саркисян 19-февралдагы шайлоодо добуштардын 52%ын, ал эми атаандашы, өлкөнүн биринчи президенти Левон Тер–Петросян 21,5 пайызын алды.

Оппозиция лидери Тер-Петросяндын мындай жыйынтыкка ынанбаган жана бийлик добуштарды бурмалады деп эсептеген жактоочулары көчөгө чыгып, 1-2 март күндөрү полиция менен кагылыштан он киши каза таап, бир нече киши жарадар болгон. Эки ортодогу кагылыштан соң башкаала Ереванда 20 күнгө өзгөчө абал киргизилген. Еревандык саясий талдоочу Ричард Гирагосяндын көз карашында, Армения азыр тамыры мына ошол жаздагы окуяларда жаткан саясий кризиске кептелүүдө:

- Салтуу ысык жайдын башталышы менен Армения бир нече айга саясий туруксуздукту кабылдоого жарамдуу бойдон калууда. Армениянын үчүнчү президенти катары Серж Саркисяндын инагурациясынан үч айга бир аз жетпеген убакыт өткөнү менен жаңы жетекчилик жана мурдагы президент Левон Тер-Петросян баштаган оппозициянын ортосундагы каршылык басаңдаганынын аз эле белгиси байкалды.

Саясий талдоочу Ричард Гирагосян кошумчалагандай, сегиз жылга созулган бийлигинен соң Роберт Кочерян өзүнүн ордун баскан адамга ишенбестиктин жана нааразылыктын өтө жаман мурасын таштап кетти. Жаңы президент "ишеним кризисин" мурастап калды, бул бийликке ишенимди жоготту.

Март айында жыйырма күндүк өзгөчө абал тартиби жоюлгандан кийинки биринчи демонстрациясына оппозиция жактоочулары 20-июнда чыгышты. Анда Тер-Петросян Ереванда өзүнүн миңдеген жактоочуларын чогулта алды. Уюштуруучулардын айтымында, бул күнү 50 миң, ал эми полициянын эсеби боюнча эң көп дегенде 10 миң адам жыйналды.

Андан бир аптадан оппозиция демонстрациясы өлкөнүн экинчи ири шаары – Гюмриде өттү. Ал жерде да аба –ырайынын начардыгына карабай, Левон Тер-Петросяндын бир нече миң жактоочусу жыйналды. Шаар бийликтери буга расмий уруксат беришкен, полиция аралашкан жок. Ал эми 4-июлга белгиленген дагы бир митинг Американын көз карандысыздык күнүнө байланыштуу, АКШ элчилиги өткөрүүчү кабыл алууга тушташ уюштурулууда. Адатта андай кабыл алууларга Армениянын саясий жана ишкер элитасынын көбү катышат.

Жогорудагыдай демонстрациялардан Армениянын буга тажрыйбасы көргөзгөндөй, конкреттүү саясий талаптардан орундалышына жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенине карабай, ал оппозицияга импульсту кармоого мүмкүндүк берүүдө. Ошондой эле өкмөткө коомдук кысымды көргөзүүнүн ыкмасы катары каралып жатат.

Еревандык саясий талдоочу Ричард Григаросяндын көз карашында, Армениянын азыркы өкмөтү алсыз. Анткени ал реалдуу элдик мандатка ээ эмес жана легитимдүүлгү күмөн санатууда. Мындай жагдай мамлекетин бийликке гана шек келтирбестен, өкмөттүн өзгөрүү жана реформа жөнүндөгү элдин талаптарын канааттандыруу жөндөмдүүлүгүнөн шек санатууда:

- Андыктан, саясий кризис чечилбей калып, жана атүгүл уланчыдай болуп турган шартта. Армениядагы быйылкы ысык жай күзүндө буга чейин болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө алып барышы мүмкүн. Балким бул Армениянын азыркы саясатынын бул главасындагы акыркы бет болуп калат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG