Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

АКИН ТОКТАЛИЕВ: МЕНИ “БУЛАТОВГО КИРГИЗБЕГИЛЕ” ДЕШИПТИР


“Де-факто” гезитинин айланасындагы чатакка тиешеси бар делинген укук коргоочу Качкын Булатов 48 саатка камакка алынганы маалым. Бул окуянын тегерегинде Качкын Булатовдун адвокаты Акин Токталиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Алгач сизди Качкын Булатов менен жолугшутурбай жатканынын себептерине токтоло кетсеңиз?

- Качкын Булатовго жолугуштурбай аткан себеби мындай болуп атат. Мен адвокат катары тергөөчү Туратбек Байчиевдин айткан сөздөрүнө көнбөй жатам. Баарына каршы, анын үстүнө арыз жазып, туура эмес, мыйзамсыз иштерди жасап атат деп прокуратурага жазганым үчүн анын жини келип, мен адвокатты алмаштырам, бөлөк адвокатка берем деп атат. Качкын Булатов кечээ мага телефон аркылуу чалып, мага “бөлөк адвокат таап атабыз дешти, кандай дейсиң” деди. Мен Булатовго айттым, сен бөлөк адвокат алгың келип атабы десем, жок албайм дейт. Анда мени күткүн, мени чакырсын, мен барам, сүйлөшөм деп айттым. Андан кийин Туратбек Байчиев мени киргизбей койгондо, мен Акыйкатчыга кайрылдым. Турсунбек Акундун кеңешчиси Ниязаалыга кайрылсам, ал телефон чалды, эмне себептен жолотпой атасыңар, дарысын да, тамагын да албай атасыңар, мына Качкын Булатовдун бир тууган иниси Кеңеш да жанымда турат десе, “келе берсин, кирсин, тоскоолдук кылбайбыз” деди. Макул деп дарыларын алып барсак, УВДнын күзөттө тургандары айтты, “бизде эч маалымат жок, Токталиевди киргизбе деген, киргизбейбиз, дарыны, тамакты албайбыз” дешти.

- Акын мырза, сиз айтып атасыз, дары-дармектерди алдык деп. Качкын Булатовдун саламаттыгына токтоло кетсеңиз?

- Качкын Булатовдун өзүнүн ден-соолугу өтө начар, мээси чайкалып, көзү дагы 50 пайызга начар көрөт, жүрөгү оорулуу. Такай ар бир 3-4 күн сайын догдурга көрүнүп турушу керек. Азыр болсо догдурга кайрыла албай жатат.

- Качкын Булатовго карата кандайдыр бир кысым көрсөтүлүп, же уруп-сабоо тууралуу эч кандай маалымат түшкөн жокпу?

- Уруп, кысым көрсөткөн маалыматты мен ала алган жокмун. Себеби, мени киргизбей, жолотпой жатат. Муну эмне себептен камап жатат? Менин түшүнүгүм боюнча, ага психологиялык кысым көрсөтүп, анан ар кандай маалымат алалы деп күчкө салып жатышат.

- Укук коргоо органдары адвокатты алмаштыруу менен негиздеп атышпайбы. Мунун артында эмне турат деп ойлойсуз?

- Мунун артында, эгер менден бөлөк киши адвокат болуп Качкан Булатовго барса, мындай чоң маалымат бере албайт. Ал тергөөчү менен кайым айтыша албайт. Тергөөчүнүн айткан сөзүнө көнөт деп, ошондуктан булар алмаштырганга аракет жасап атышат.

- Качкын Булатовдун камакка алынганына бүгүн 48 саат болот. 48 саатка камакка алынбады беле. Эми бошотуу маселеси кандай болуп атат?

- Бошотуу маселеси бүгүн сот менен чечиле турган болду. Жөн эле чечип койсо болмок. Анын жанында паспорту жок деп кармап кеткен. Паспортун алып келип бердик, укук коргоочу деген документи колунда бар. Ага караган жок. Эми сотко барып көрсөтөбүз, мына паспорту турса дагы тергөөчү 48 саатка кармады деп. Муну атайын электен өткөрүү дейт, 48 саатын ичинде муну кысымга алып, ар кандай көрсөтмө алабыз дегендей аракетин жасап атышат. Качкын Булатов Коомдук парламенттин мүчөсү, ошондуктан аны коркутуп атышат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG