Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

КАЧКЫН БУЛАТОВ: МЫНДАН АРКЫ ТАГДЫРЫМ ТАБЫШМАК


Маектешкен Бекташ Шамшиев “Де Факто” гезитине каршы ачылган кылмыш ишине байланыштуу Коомдук парламенттин мүчөсү Качкын Булатов 48 саатка камакка алынып, 4-июлда абактан чыгарылды. Эркиндикке чыккан соң укук коргоочу “Азаттык” үналгысына келип талаштуу иштин чоо-жайын баяндап берди.

Бекташ Шамшиев: - Замира Молдоева деген келин менен кандайча кезигип калдыңыз. Аны мурда таанычу белеңиз? Сөздү ушундан баштасаңыз.

Качкын Булатов: - Мaй айынын аяк ченинде мен Белинский-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, “Акыйкат үчүн” кыймылынын офисинин алдында эшикте тургам. Анан мага өңү жылуу, 30 – 35 жаш чамасындагы аял келип калды. “Булатов Качкын сизби?” деди. Мен “ооба, менмин” десем, “сиздин курч макалаларыңызды окуйм. Укук коргоочу, элдик патриот деп ойлойм. Сиз көмөктөшүп жардам берсеңиз биз да сиз менен кошулуп коррупцияга каршы кармашат элек” деди. Анан “менде материал бар эле. Медет Садыркулов, салык инспекциядагылардын жеп-ичкендери, пара алгандары” деди. “Менде видео, аудио материалдар бар. Мобуреки арызымды көрүп бересизби” деди. Карасам төрт барак кагаз экен. Анан мен арызды кыска, аз эле жазыш керектигин айттым. “Прокуратурага мурда жаздык эле, эч кандай натыйжа чыккан жок” деди. Мен анда оппозициялык гезиттерге беришин айттым. “Анда жакшы болот турбайбы, кайсы гезиттерге берсек болот” деди. Мен: “Кыргыз руху”, “Де Факто”, “Алиби”, “Аалам” гезиттерге берсең болот” дедим. “Болуптур, анда байке оңдоп бересизби”, деди. “Макул” деп “Акыйкат үчүн” кыймылынын офисине кирип, чийип-чийип бир жарым барак калтырып, “мобурекиндей берсең болот” дедим. “Ушул арызыңды К.Бакиевге, И.Чудиновго, башкаларга жөнөтсөң болот. Шапкесин толтур” дедим. “Болуптур, кийин жардам бересизби” дейт. “Болуптур”, дедим. 2 – 3 жумадан кийин ишембиде ушул жерде жолугушмай болдук. Макул деп мен Кочкорго кетип калдым. Ошол жерден “Азаттыктан” гезитке каршы иш козголуп, тинтилип жатканын угуп калдым. Аны угуп редактор Чолпонго телефон чалдым. “Ой, эмне болду?” десем. “Гезитти басып жатат” деди. “Ой мен аны билем” дедим. Бишкекке келип пресс-конференция өткөрүп, тергөөчүгө бардым. Тергөөчү сурак кылып, “кызды тап” дейт. Издеп көрдүк. Ар кайсы салык инспекциясынан издесек жок. 2-июнда тергөөчүгө келсек эле мени камады.

Бекташ Шамшиев: - Качкын мырза, сиздин адвокатыңыз Акин Токталиев “Молдоеваны билебиз, К.Булатов камалгандан кийин ал жашынып калды, азыркы бийликте чыкпаса кийинки бийликте ачыкка чыгат” деп жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

Качкын Булатов: - Балким бул аял бардыр. Анткени мен аны апрель митингилеринде көрүп калгам. Өңү жылуу учурайт. Бул бардыр. Эки версия болуп жатат. Бул чындык. Же болбосо “Де Факто” гезитин атайын операция кылып оппозициянын күчү менен оппозициячыл гезитти жабуунун аракети. Мен Коомдук парламенттин мүчөсүмүн да. Замира Молдоева азыр түшүнүксүз объект болуп жатат. Анткени менин колум менен, оппозициянын активдүү мүчөсүнүн колу менен З.Молдоева деп “Де Факто” гезитинин жаптырыш аракети жасалууда.

Бекташ Шамшиев: - Сиз ошол келин менен таанышып жатканда анын кайсы жерде жашары, иштери тууралуу кызыкпадыңызбы, маалымат алган жоксузбу? Айтып атышат, ошол алып келген кагазда койгон колу да жок экен деп.

Качкын Булатов: - Мен а кагaздагы колун чынында билбейм. Аны редакция текшериш керек да. Мага кезиккенде ал шаардык салык инспекциясында иштей турганын ырастаган күбөлүгүн көрсөткөн. Кайсы кызмат, мөөрү барбы-жокпу аны деле жакшы көрө алган эмесмин. Көзүм жакшы көрбөйт. Бирок Молдоева Замира деп күбөлүктү так көргөм.

Бекташ Шамшиев: - Сиз сыртка чыкпоо тууралу тилкат бердиңиз. Кылмыш ишин иликтөө дагы улантылабы же бүттүбү?

Качкын Булатов: - Булар ишти бүттүк дейт. Ишти бүтүп аны сотко береби-бербейби, анысын билбейм. Менден ишти токтотууну, ишти кыскартуусун суранган кагаз жаздыртып алды. Мен жазып бердим. Анан эми аркысы кандай болот? Мен анысын билбейм. Мен өзүм 58 жашка келип калган оорулуy адаммын. Жүрөк-кан тамырларым ооруйт. Глаукома. Көзүм 50% араң көрчү эле, азыр булут болуп бозоруп жакшы көрбөй калды. Себеби менин өмүрүмө залака тийип калды.

Бекташ Шамшиев: - Сиздин айланаңызда болуп жаткан иштерди кандай деп баалайсыз?

Качкын Булатов: - Бул саясий куугунтук. Укук коргоочулардын үстүнөн көп эле куугунтук болуп жатат. Куугунтук болуп атканын мен сезип эле жүрөм. Мен аңдууда жүрөм. Менин өзүмдүн өмүрүм мындан ары кандай болорун да билбейм.

Бекташ Шамшиев: - Качкын мырза, ырахмат аңгемеңизге!

XS
SM
MD
LG