Оштогу укук коргоо кыймылынын лидери Төлөн Дыйканбаев «Замандаш» партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов чет өлкөлөрдөгү, айрыкча Орусиядагы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоп, айрымдарынын бутуна турушуна чоң жардам бергендигин белгилеп, анын камалышы – бийликтин саясий буюртмасы деген пикирин «Азаттыкка» кабарлады. Каржы полициясынын басма сөз катчысы Зулкайнар Сарытаев Өмүракунов миграция жана жумуштуулук комитетинин статс-катчысы кезинде кызматынан кыянат пайдаланган деп кылмыш иши козголгондугун билдирүү менен чектелди. (ATo)
18:25 Оштогу укук коргоо кыймылы Мухтар Өмүракуновдун камалышын саясий куугунтук катары эсептейт