Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Шота Утиашвилинин айтымында, төрт мина Рухи деген кыштактын жанында жарылган. Кабарларга ылайык, андан эч ким жабыркаган жок. Бешинчи бомба башка бир айылда жарылган жана андан да эч ким жарадар болгон эмес. Жардыруулар орун алган аймакты Грузия көзөмөлдөп турат.