Эки лидердин бүгүнкү жолугушуусунда АКШнын Борбордук Европада ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планы, Орусиядагы демократиянын абалы, Ирандын өзөктүк программасы жана орус-грузин мамилелери тууралуу сөз болот. Мындан сырткары президент Буш Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуусуна колдоо көрсөтөрү күтүлүүдө.