Төрага Айтибай Тагаев бүгүн Ош облусунун Ноокат районунда болуп, шайлоочулар жана райондун жетекчилиги менен жолугушат. Ушул эле күнү спикер Баткен облусунда Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда да ушундай эле жолугушууларды өткөрмөкчү. Ал эми эртең парламент төрагасы “Ак жол” партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн жыйынына катышып, кийинки күнү сапарын Лейлек району менен жыйынтыктайт.(MSu)