Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

К.АБДРАХМАНОВ: БИШКЕКТИН ЖАНЫНДА ЖЕР СИЛКИНИШИ МҮМКҮН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Өткөн жумаларда күчү 3 баллга жеткен бир канча жер титирөөлөр катталды. Негизи, акыркы жылдары жер силкинүүлөр өлкөдө көп катталып келет. Өлкөдөгү сейсмикалык кырдаал кандай? Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун башчысы Канат Абдрахматов жооп берди.

- Өткөн жумаларда Баткенде, андан кийин Ошто жана Токмок тарапта күчү 3 жарым баллга чейин жеткен жер титирөөлөр катталганы айтылды. Бул эмнеден кабар берет. Дагы жер титирөөлөр кайра кайталанышы мүмкүнбү жакын арада?

- Биздин маалымат боюнча сиз айткандай биздин Кыргызстандын аймагында 3-4 салыштырмалуу орточо жер титирөөлөр болуп өттү күчү 3-4 баллга жеткен. Ар бир жылы карап көрсөк, июль, август айларында жер титирөөнүн саны көбөйөт. Бул катардагы эле көрүнүш. Себеби, жыл сайын июнь, августта же кышында мен айтып кеткендей жер титирөөнүн саны көбөйөт. Бирок катуу жер титирөөлөрдү азыр биздин аймакта күтпөйбүз. Мурун айтып кеткендей 2-3 жыл сейсмологиялык жактан тынчтанып калат жер. Андан кийин ким билет, 2010-2015-жылга чейин 7-9 баллга жеткен жер титирөө болушу мүмкүн деп маалымат берип атабыз. Ошонун үстүндө азыр изилдөө жүргүзүп атабыз.

- Сиздердин маалыматка таянсак, өткөн ишембиде Ош менен Токмок тарапта болгон жер титирөө бир убакытка дал келип отурат. Ушул эки силкинүүнүн бир-бири менен байланышы барбы?

- Жок. Себеби Оштун сейсмикалык поясы башкача, ал эми Токмок Кыргызстан менен Казакстандын чегарасы, ал түндүк сейсмикалык пояс. Мунун өзүнчө активдүүлүгү башкача, тигилер менен байланышы жок.

- Азыркы курулуштардын, имараттардын сейсмикалык туруктуулугу жөнүндө да сөз кыла кетсек, жаңы түшүп жаткан имараттар сейсмикалык талапка канчалык жооп берет?

- Жаңы курулуп аткан имараттар мындай, кээ бир имараттарды карап көрсөң нормаларга ылайык. Бирок тилекке каршы жаңы конуштардагы бат-бат саман менен чампалап курулуп аткан үйлөр алты баллга туруштук бере албайт деп шекшип атабыз. Жаңы курулуп аткан имараттарды алсак, чоң-чоң компаниялар куруп аткан үйлөр 9 баллга туруктуу. Ал эми “жоопкерчилиги чектелген коом” деп коет, алар жаңы конуштардагыдай эле бат-бат чампалам 2-3 жумада 9 кабаттуу үй куруп салып атат, чынын айтканда ошолордун сапатына ким жооп берет, 6-7 баллга туруштук бере алабы, бере албайбы, ал чоң суроо.

- Тарыхта катуу жер титирөө болгон аймактарда 100 жылдан кийин кайра ошондой зилзала кайталанышы мүмкүндүгү айтылып жүрөт. Ал чындыкка канчалык жакын, дегеле Кыргызстандын аймагында болгон мындай катуу жер титирөөлөрдүн тарыхы кандай?

- Биздин маалымат мындай, мисалы Чүй өрөөнүндө тарыхка жазылып калган жер титирөө 1770-жылы, андан кийин 1885-жылы болгон. Эгерде жер титирөөлөрдүн аралыгын алып көрсөк, 100, 115 жыл экен. Мына мен айтып кеткендей 1885-жылы Беловодскийдин, Сокулуктун тоо жагында болгон. Эгерде сиз айтып кеткендей биз статистикалык жактан эсептесек, 100, 115 жылда катуу жер титирөө болушу мүмкүн. Эгер ошол туура болсо анда келерки жер титирөө так Бишкектин жанында болушу мүмкүн деп маалымат берип атабыз. Бирок ал законду азыр тактап атабыз, чындыгы барбы, жокпу? Бизде кластиризация деген жаңы термин пайда болду. Ошонун негизи туурабы, ошол закон туурабы же жокпу деп азыр ошонун үстүнөн иштеп атабыз.

- Маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG