Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

КОНДОЛИЗА РАЙС БҮГҮН ПРАГАГА КЕЛЕТ


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондозиза Райс бүгүн Прагага келет жана Чехияга радар станциясын жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коет. Төрт күндүк сапары маалында ал Болгарияда жана Грузияда болот, мындан тышкары Польшага да токтоп өтүшү мүмкүн.

Кондолиза Райстын Прагага келиши АКШнын ракетадан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн Чехияга жана Польшага жайгаштыруу жолундагы маанилүү кадам катары каралууда. Сунуш кылынган бул долбоордун жалпы наркы 3,5 миллиард долларга барабар дешет. Чехияга радар системасы, Польшага душмандын ракеталарын атып түшүрө турган он ракета жайгаштырылат. Варшава өкмөтү азырынча Вашингтон менен соодалашып жатат, Прага болсо келишимге кол койгонго даяр болду. Бирок чехтердин арасында долбоорго каршы чыккандар арбын болгондуктан байкоочулар документти парламентте ратификациядан өткөрүү бир топ кыйын болушу мүмкүн дешет.

Радар станциясы болжолдо 2012-жылы барып толук иштей баштайт. Вашингтон бул система түндүк Европаны баарыдан мурда Ирандын ракеталык жапырыктарынан ишенимдүү коргой аларына ишенет. Америкалык чалгындоо мекемелери ирандыктар 2015-жылга чейин алыскы аралыкка атылуучу ракеталарга ээ болушу ыктымал деп эсептешет.

НАТОдогулар долбоорду кеңейтип, жалпы европалык “калканга” айлантууну жана ага материктин бүткүл түштүк-чыгышын, өзгөчө Болгарияны, Грецияны, Румыния менен Түркияны да кошо камтууну карап жатат. Бул план эмдиги жылы жарыяланат.

Россия мындай долбоорлорду өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептеп, АКШнын пландарын кескин сынга алып келатат. “Чоң сегиздин” саммитинде орус президенти Дмитрий Медведев Вашингтондун Литвага да ушундай бир база курганы жатканы тууралуу кабарларга өзгөчө тынчсыздануусун билдирди. Эки тараптын ортосунда эч кандай жылыштар байкалбаган проблемалардын бири катары ал дал ушул ракетадан коргонуу системасына байланышкан талашты атады.

Райс бүгүн Прагада Москванын кооптонуусу негизсиз экенин,аталган система Россияга каршы багытталбай турганын дагы бир жолу ырастаганы жатат. Вашингтондун бул планы АКШнын өзүндө деле бир беткей колдоо тапкан жери жок. ‘The Washington Post” гезити, мисалы, өзүнүн редакциялык макаласында Чехия менен Польшага жайгаштырылганы жаткан элементтер Европага чындап эле коопсуз “калкан” болуп бере аларын Пентагон али далилдеп бере электигине карабастан бул планды жүзөгө ашырууга киришкен Буштун администрациясын сынга алды.

Долбоордун тарапкерлери болсо быйыл жыл башында Пентагон космосто иштен чыккан кооптуу станцияны жерге кайтарбас үчүн аны атып жок кылганын мисалга келтирип, муну системанын ишенимдүүлүгүн көрсөткөн танык деп эсептешет. Өткөн жылы Кытай өзүнүн космостогу эскирген аппаратын жерден ракета менен атып, жок кылган эле.Ошондон соң АКШ да февралда ушундай тажрыйба өткөргөн болчу.

XS
SM
MD
LG