Бүгүн ал таңга жуук Аксы районундагы Кызылжар айыл өкмөтүнө караштуу Кум айылында уктап жаткан жеринен колго түштү. Катардагы жоокер Самат Турдумамбетов 5-июлда «Кербен» чегара бекетинде кызмат өтөп жатып, эч кимге билдирбей курал-жарагы менен белгисиз жакка качып кеткен. Чарчаган маалда түнөгөнү айылдын тургунунун үйүнө кирип барган. Жоокерге орун берген үй ээси анын көзү илингенде «Шамалдуусай» чегара отрядына ал тууралуу кабар берген. Учурда окуяны Жалалабат облустук ички иштер жана улутттук коопсуздук кызматтары, чегара аскер бөлүгү териштирүүдө. (YA)