Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

РАЙС: АКШ ИРАН КРИЗИСИН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН ЧЕЧҮҮНҮ КААЛАЙТ


Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде болуп, Иран кызматына эксклюзивдүү интервью берди. Райс Ирандын өзөктүк программасынан улам келип чыккан кризисти дипломатиялык жол менен чечсе болот деп айтты. Ошол эле маалда мамкатчы “Вашингтон Ирандын өзүндө улуттук азчылыктардын нааразылык чыгууларын тутандыруу иштерин каржылоодо” деген кабарларды төгүндөгөн жок.

Кээ бир маалыматтарга караганда, шейшембиде Ирандын жогорку лидеринин жардамчысы өлкөнүн атомдук ишканаларына чабуул коюлса, Тегеран Тел-Авивге жана АКШнын кемелерине, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекемелерине сокку урат деп айткан.

Вашингтон же Израил ошондой чабуулга бара алабы? - деген суроого жооп берип жатып, Райс президент Жорж Буш Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан маселени тынчтык жолу менен чечүүнү кааларын так билдирген деди:

-Ирандын атомдук технологиясына байланышкан проблеманы дипломатиянын жардамы менен жөнгө салса болот деген ишенимдебиз. Жана президент Буш муну ачык айткан. Биз ушунун үстүнөн иштеп жатабыз.

Талашка түшкөн маселе, атап айтканда атомдук курал жасоого мүмкүнчүлүк ачкан өзөктүк отунду байытуу процесси токтотулугуу тийиш, - деп кошумчалады Райс.

Иран тынчтык максатындагы өзөктүк технологияны өнүктүрүүгө укуктуу жана эларалык коомчулук бул тармакта Тегеранга өз жардамын сунуш кылган:

-Биз Иран элинин АКШ менен жакшы мамиледе болушун каалайбыз. Тарыхы, маданияты бай ири цивилизациянын эларалык саясаттан обочодо калышына эч кандай себеп жок. Ошон үчүн Кошмо Штаттары Германия, Франция, Британия, Россия жана Кытай менен биргелешип Иран өкмөтүнө бир катар сунуштар менен кайрылган. Иран аларга көнөт деп үмүттөнөбүз.

Жакында “Нью-Йоркер” журналы АКШ Ирандын өзүндө улуттук азчылыктардын нааразылык чыгууларын козутууга 400 миллион доллар сарптады деп жазган. Райс бул кабарды жокко чыгарган жок. Мамлекеттик катчынын ырастоосунда, Вашингтон Ирандагы режимди алмаштырууну көздөбөйт. Бирок Иран бийликтеринин иш-аракеттери позитивдүү жакка өзгөрсүн дейт:

- Иран режими саясатын өзгөртсө, АКШ аны менен иштешүүгө даяр деп, ачык айтканбыз. Мен Ирандын тышкы иштер министри менен каалаган жерде, каалаган учурда, каалаган тема жөнүндө сүйлөшүүгө даярдыгымды айтып келатам. Бул үчүн Иран өзөктүк отун байытуу жана кайра иштетүү процессин токтотууга тийиш.

Кошмо Штаттары ирандыктардын АКШга барышын жеңилдеткен жолдорду караштырууда деген Райс, Иран өкмөтү өз элин калган дүйнөдөн обочодо кармагысы келет деп айыптады.

Ошол эле күнү Чоң сегиздин Жапониядагы саммитинде лидерлер Иранды өзөктүк отун байытуу иштеринен баш тартууга үндөштү. Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатат деп чочулоодо. Тегеран болсо мындай шектенүүлөрдү четке кагып келатат.

Бул аралыкта Франциянын президенти Николя Саркози Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солананы сүйлөшүүлөр үчүн Иранга жиберүү чечими кабыл алынганын маалымдады. Бирок сүйлөшүүлөр качан орун алаары айтылган жок.

XS
SM
MD
LG