Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

8:25 Т.Тургуналиев: Бийлик азыр элдин оор абалын эмес, 2010-жылдагы шайлоону ойлоп жатат


Саясатчы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” курган маегинде Баткенде “Ак Жол” партиясынын жыйынында парламент төрагасы Айтибаев Тагаевдин президенттик шайлоодо Бакиевди колдогула деген ураанын айыптады. “Парламент бийликтин бирден-бир көз каранды эмес бутагы болуш керек эле, азыркы төрага болсо президенттин кошоматчыларынын бири катары иш баштап жатат”, деди Тургуналиев. Ал ошондой эле оппозиция катарында элге күйгөн инсандар бар экенин, чыныгы чыгаандар күзгө чейин биригиши керектигин айтты. Күздө саясий күрөштүн жаңы тепкичи баштааларын, абал мындан да курчуурун эскертти. Буга бир жагынан дүйнөдөгү азыркы эбегейсиз экономикалык каржылык кризис жана анын алдын алууга жетиштүү аракет кылбаган кыргыз өкмөтү шыкак болоорун кошумчалады. (EBM)

XS
SM
MD
LG