Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

ЖАРДАМГА ЖАБЫШКАН ТААРЫНЫЧ


“Кумтөр” алтын кен компаниясы Жети-Өгүз районундагы беш айылдын колу жука үй-бүлөлөрүнө 20 кунажын, ошондой эле кызыл дан тарабынан жардам көрсөткөн. Мындай колдоону парламенттин вице-спикери компаниянын эл көңүлүн алуу аракети катары баалап, анткенче “Кумтөр” 2006-2007-жылдар үчүн 1 миллиард 270 миллион сом карызын төлөп берсе дурус болор эле деген пикирин билдирген. Компаниядан жардам алган айылдыктар менен К.Исабековдун ортосундагы талаш тууралуу кененирээк кеп.

Кыргыз өкмөтүнүн “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүү боюнча 2003-жылдын аягындагы токтомун териштирген Бишкектеги райондор ортолук экономикалык соттун 2-июлдагы отурумунан кийин парламенттин вице-спикери компаниянын жергиликтүү элге көрсөтүп жаткан колдоосу тууралуу өз пикирин мындайча билдирген.

- Андан аз келгенсип Жети-Өгүз элине уй-торпок тарата башташты, бекер. Мурун эмне таратпайт, 10 жыл мурун эмне таратпайт, 5 жыл мурун эмне таратпайт? Бул подкуп болуп калат. Бул элди-журтту сатып алгандык.

Буга нааразы болгон Жети-Өгүз районундагы беш айылдын айрым өкүлдөрү атайын Бишкекке келип журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүштү. Райондук кеңештин депутаты Жакен Шамыралиев “Кумтөр” алтын кен компаниясынын жардамын көпчүлүк менен акылдашып чечишкенин ырастайт.

- Ар кайсы коомдук уюмдарда өкүлдөр кеңешип, ушуга жардам берелик, үйүндө ую эмес, үрүп чыккан ити жок деп. 20 миң калк жашаган жерге 20 уй берди деп сүйлөгөн сөзү туура эмес го.

Тамга айылынын тургуну Калича Салимова алтын кен компаниясынын көмөгү менен уйлуу болуп калганына эмдигиче ишенип-ишенбей келатат.

- Кошунам көрдү. Неберем торпокту өпкүлөп, тиги башы менен койгуласа да өпкүлөдү. Азыр айтат: “Чоң эне, торпогубузду алып албaйбы? Биз жакшы торпоктуу болдук, эми бизде көп болот э мал” дейт. Менин уулумдун жүрөгү жасалма клапан менен, жалгыз уулум бар. Төрт кызым бар. Уулумдун жүрөгү оорулуу. Өзүмдүн ден соолугум да жакшы эмес, өпкөм оорулуу. Анан оорукчан болсом, малым жок.

8 жыл мурун болгон малын уурдатып ийип мал кыла албай келаткан Барскооондук Калипжан Шадыканованын үй-бүлөсү да жардамга ыраазы.

- Аябай сүйүнүп жатабыз. Жолдошум каза болуп калган.

Жардамга ыраазылыгын Барскоон айылында жашаган Жылдыз Турсунниязова да билдирди.

- Анан Кудай буюрса, кунажынды жакшылап багып, уй кылып алганга кудуретим жетет. Эми балдарым менен бардыгыбыз чын эле сүйүнүп жатабыз.

“Кумтөр” алтын кен компаниясы бөлгөн акчага базарга барып 20 кунажын саттырып келген “Кумтөр Эл Айкын” коомдук фондунун жетекчиси Нуржамал Эралиева социалдык жардамдын артында кимдир-бирөөлөрдүн пикирин сатып алуунун амал-айласы жок болчу дейт.

- Ошол, “подкуп” деп жатпайбы. Ар ким өзү кандай болсо ошону сүйлөйт да. Абай, Садыр деген кишилер “Ой, биз кантип бул уйдун акчасын төлөйбүз” дешти. Биз ал жерде ыйлаган менен ыйлап, күлгөн менен күлүп келдик.

Антип алтын кен компаниясынан социалдык көмөк алган айылдыктардын маалымат жыйыны аягына чыга электе парламенттин вице-спикери К.Исабековдун да айта турган кеп-сөзү бар экендиги маалымдалды. Вице-спикер айылдаштарынын айткан-дегенине капа болбогонун, тек антип азыноолок кишилерге социалдык колдоо көрсөтүштүн ордуна компания мойнуна илинген карыз акчаларын маалында кайтарып берсе жакшы болорун айтты.

- Ошол эле Жетиөгүз эли 170 миллион сом жер салыгын алып жатат. Аны 20 торпок менен салыштырып койбосун. Мен түшүнөм ал беш кишини.

К.Исабеков ушу кезге чейин “Центерра Голд Инк.” компаниясы 1998-жылкы экологиялык кырсыктын кесепетин жоюуга бөлүнчү акчанын төртүнчү бөлүгү 700 миң долллар Жети-Өгүз районунун 5 айылына бериле электигин маалымдады. Кыргызстандын Каржы полициясы “Кумтөр” алтын кенине байланышкан иликтөө иштерин улантып жатканын билдирди. Алтын кен долбоорун 2003-жылдын 31-декабрында өкмөт токтому аркылуу өзгөртүүгө тиешеси бар жооптуу кызмат адамдарына жакын арада айып коюларын кабарлады. Ушу тапта кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярданууда. Комиссияны өкмөттүн аппарат жетекчиси, министр Мурат Исмаилов жетектөөдө.

XS
SM
MD
LG