-Абдылдажан мырза, Элазыгка Айтматовду эскерүү иш-чарасына катышканы баратканыңызды “Азаттыктын” угармандарына кабарлаган элеңиз. Мына эми ал сапардан кайтып келип отурасыз. Элазыг жеринде Айтматовду эскерүү кандай өттү?
-Биринчиден, Түркияда Айтматовдун окурмандары көп. Экинчиден, өткөн жылы Элазыг шаар бийлиги Айтматовду чакырып, “Түрк дүйнөсүнө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн” сыйлыгын берип, Элазыг шаарынын сейилбагын Айтматовдун атынан атаган.
Үчүнчүдөн, Чыңгыз ага Элазыгды жактырып, “кыргызчалаганда – элдин азыгы деген маанини берет турбайбы” деп абдан толкунданган эле... Эл абдан көп чогулуптур... Түркиянын өзүнөн 50дөй окумуштуу сөз сүйлөп катышты. Айтматовго арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Айтматовдун Элазыгка келишин тасмага алган фильм көрсөтүлдү жана анын атындагы сейил бакка Айтматовдун айкели тургузулмак болду.
-Айтматовдун эстелиги курулуп баштаптырбы?
-Айтматовдун айкелине Элазыг шаар бийлиги дүйнөлүк сынак жарыялаганы жатат. Буга Түркиянын гана айкелчилери эмес, бүт дүйнөдөн айкелчилер катышат. Эстелик ушул бир жыл ичинде коюлмак болду.
-Түрк окумуштуулары менен байланышыңыздар кандай уланмакчы?
-Октябрь айында түрк окумуштуулары Бишкекке келет. Айтматовдун мааракелик жылына арналган тегерек үстөл маеги өтөт. Түркияда “Манас” басмасы бар. Мына ошол басмадан кыргыз окумуштуулары Советбек Байгазиевдин, Лайли Үкүбаеванын, Айнура Кадырмамбетованын жана башкалардын Айтматов тууралуу илимий макалалары басылып чыгат.
-Айтматовдун 60 жылдыгында акындардын Айтматовго арналган ырларынан турган “Ызаат” китебин чыгардыңыз эле. Ошондой китеп Айтматовдун 80 жылдык мааракесине да чыгабы?
-Ооба, андай китеп чыгат. Биз азыр ырларды чогултуп жатабыз. Окурмандарга да “Азаттык” аркылуу кайрылгым келет: биз белгилүү да, белгисиз да акындардын Чыңгыз Айтматов тууралуу жазылган ырларын күтөбүз.
-Маегиңизге чоң рахмат.