Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

К.МАСИРОВ: ПАРОМГО ДЕГЕН АКЧАНЫ БИР АЙДА ЖОК КЫЛЫШКАН


Маектешкен Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалалабат облусунун калкы дан азыктары менен 55 пайызга камсыз болот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард кубометрге жетти. Аны менен эл кышында электр жарыгысыз калбайбы? 1993-94-жылдары “Республика” гезитинде жарыяланган “паромщик губернатор” деген макаланы “Жаңы ордо” гезити жакында кайра баскандай, облус губернатору паром үчүн бөлүнгөн акчаларды жок кылгандардын арасында болгонбу? Диний кырдаалга тынчсызданууга негиз барбы? Укук коргоо, сот, прокуратура тармагындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча жүргүзгөн иштин абалы кандай? Эмне үчүн Өзбекстандын маалымат каражаттары облустун губернаторун чек арачыларга көрсөтмө берет деп жазып жатышат? «Азаттыктын» Жалалабаттагы кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун ушул жана башка суроолоруна облус губернатору Кошбай Масиров жооп берди.

- Кошбай мырза, облуста ушул тапта эгин чаап-жыйноо иштери кызуу жүрүп жаткандай. Жалалабат облусунун калкы бир жыл бою дан азыктарына муктаж болбойт деген ишеним барбы сизде?

- Жалалабат облусу былтыркы жылы 39 пайыз менен өзүнүн будайы менен камсыз болгон. Быйылкы жылы 55 пайызга чыгарганы турабыз. Бул деген былтыркыга караганда бир топ олуттуу ийгилик деп эсептейм. Себеби дегенде былтыр 90 миң тоннага жакын буудай өндүрсөк, быйыл 120 миң тоннаны чыгарабыз деген ишенич бар. Себеби былтыркыга караганда, быйыл сегиз миң гектарга буудайды көбүрөөк айдадык. Эмдиги жылы 10 миң гектарга көбүрөөк айдап, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылбасак болбой калды. Буудайдын баасы да өсүп дыйкандар үчүн бул көп пайда да болуп калды.

- Өзбекстандын маалымат каражаттары байма бай сиз тууралуу бир нече макалаларды жарыялашты. Ал макалаларда айтылгандай, сиз Алабука районундагы Касансай көлмөсүнө өзбекстандыктарды өткөрбөө тууралуу кыргыз чегарачыларына буйрук берген белеңиз?

- Чегарачыларга буйрук бергенге менин акым да жок. Себеби мыйзам чегинде мен андай буйрук бере албайм. Бул жалган сөз. Биз Касансай аркылуу өтүп баратканбыз. Бизди коштоп бара жаткан мурун губернатор менен сүйлөшкөн Өзбекстандын МАИнин машинасы болчу. Бирок, посттон токтотушту, текшеришти. Бирок, мен машинадан чыккан жокмун. Себеби дегенде мен жаш балдар менен айтыша турган курак эмес.

- “Жаңы ордо” гезити жакында “Республика” гезитинин мурдагы «паромщик губернатор» деген макаласын кайра жарыялады. Анда Жалалабат облусунун мурдагы губернатору менен беш акими, кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычына паром курууга бөлгөн 600 миң сом акчаны жок кылып ийишкен деген мааниде кыйытылган. Ошо учурда сиз Нарын дарыясы бойлоп өткөн Каракөл шаарынын акими болчусуз? Өкмөттүк каражаттар кайда жумшалган болчу?

- Бул маселе туура, беш акимдин мойнуна Кутманов Осмон деген Жалалабат облусунун губернаторунун биринчи орун басары чогултуп, паром кылганга жардам бергиле деген. Биздин ошол эле күнөөбүз макул, жардам берели дегенибиз. Бирок мен ошондо эле айтканмын, суу бир жылы азаят, бир жылы көбөйөт. Андыктан паром куруунун келечеги жок деп. Бирок биздин Каркөлгө чындыгында МЧСтен 600 миң сом акча келген. Анын төрагасы Осмон Кутмановдун бир тууган жээни экен. Мен Алматыдан окуп келсем бир айдын ичинде эле ал акча жок болуп кеткен экен. Бир айдын ичинде жок кылышкан. Беш камаз алышыптыр, Москвага азык-түлүк ташышыптыр. Мен ошол паром боюнча биздин өзүбүздүн КГБнын башчысы орус Олег деген жигитке тапшырма бердим эле. Акырында КГБ анын түбүнө жетип, ал жигит сегиз жылга камалды.

- Ошо жылдары Каракөл шаарындагы «Сакс» кичи ишканасынын башчысы Акматжан Парпибаев аттуу жигит Токтогул көлмөсүнө көпүрө куруу боюнча атайын долбоорду шаар башчы Кошбай Масировго көрсөткөм, ал долбоорду ошо чактагы облгубернатор Абдыжапар Тагаевге алпарып берген деп бизге билдирген эле. Андан ары долбоордун тагдыры кандай чечилди ?

- Мен азыр эстеп жатам. Ал жигиттин кайрылганы чын. Мен ага да ошону айткам. Суу бүгүнкү күнгө окшоп кетип калса, ал паромдун кереги жок жана паром күтүп 4-5 саат эл күтүп отуруш керек эмес. Паромдун жээгинде. Ошон үчүн темир жолду улам узарта берип жинди болмок болду. Бүгүнкү жол татынакай эле жол. Ошол жол менен эле каттасак болот. Ал каяктагы Орусиядагы аскерлерди айткан. Мен айтканмын мурунку проект кулагандан кийин бул андан да начар болот деп.

-Учурда Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу кандай? Кышында электр энергиясын өндүрүп, азайтып элибиз жарыксыз калбайбы?

- Бүгүнкү күндө өндүрүш министри жана Балкыбеков менен тыгыз иштеп жатабыз. Ошондой эле өкмөт менен дагы тыгыз иштегенге аракет кылып жатабыз. Электр жарыгын өчүрүп туруу бул жазындагы биздин облустук администрациянын идеясы болчу. Себеби дегенде элди кыштан аман-эсен алып чыгуу керек болчу. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү 9 миллиардан ашты. Биз азыр аны 10,5 миллиардга жеткирип алсак, анан кыш быйылкыдай катуу болбосо татынакай эле кыштап кетебиз.

- Мектептерге караганда мечиттердин саны көбөйүүдө. Ошого байланыштуу ушул жол менен бара берсе Кыргызстандын келечеги кандай болот?

- Бул проблема Жалалабат, Ош, Баткен облустарында бар. Мечиттер аябай эле көп курулуп жатат. Менин үйүмдүн да жанында беш жерден азан айтышат. Бул эми мусулманчылыкка сыйбаган иш болуп жатат. Себеби, азан бир жерден айтылып, ошол көчөнүн баары бир эле жерден угуш керек. Бул маселе боюнча мектептин балдарына да көп көңүл буруп жатабыз. Себеп дегенде жума күндөрү мектептин балдарын дагы үгүттөп жатышкан экен. Биз аларды тыйып жатабыз. Себеби дегенде алар мектепте окуш керек. Учурда медреселердин абалы деле балдарга татыктуу билим бере турган мүмкүнчүлүктөрү жок окшойт. Биз бул боюнча бир топ иштерди алып барып жатабыз. Жакында ушул маселе боюнча да чоң жыйын болот. Ал жерден да катуу талкууга алабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG