Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

С.БАЛКЫБЕКОВ: ЭЛЕКТР КУБАТЫН БЕРҮҮГӨ КАЙРА ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде өлкөдөгү суу-энергетикалык кырдаалга байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Кошуна өлкөлөр менен суу-энергетика ресурстарын пайдалануу боюнча төрт тараптуу келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы буга чейин айтылган эле. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болууда, мындай келишимдер түзүлдүбү?

-Жок. Тилекке каршы биз быйыл суу боюнча төрт тараптуу келишимге жетише алган жокпуз.

- Ага эмне себеп болду?

-Биринчиден буга Өзбекстан тарап тоскоол болуп туруп алды.

- Токтогул суу сактагычыныдагы суунун деңгээли азыр кандай болуп калды? Күтүлгөн денгээлге жеттиби?

-Бүгүнкү күнгө карай Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 40 миллион кубометр болуп жатат.

- Күз айларына божомол кандай?

-Башында биз 1-октябрга карай 12 миллиард кубометр суу топтойбуз деп пландаштырдык элек. Бирок тилекке каршы, Нарын дарыясынан агып келип жаткан суунун көлөмү былтыркыдан кескин азайып кеткендигине байланыштуу мындай 12 миллиарддык чекке чыга албайбыз.

- Демек суу күтүлгөн деңгээлге жетпесе электр кубатын берүүгө дагы чектөөлөр киргизилеби?

-Сөзсүз түрдө. Электр кубатын берүү суунун көлөмүнө түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан биз азыртан баштап электр кубатын үнөмдүү колдонууга өтүшүбүз керек.

- Ошондо чектөөлөр кайра качан киргизилет?

-Электр кубатын берүүгө чектөөлөрдү 1-августтан баштап бүт республика боюнча кайрадан киргизгени жатабыз.

- Мындай шартта кыш айларында электр кубатын берүү кандай болушу мүмкүн?

-Кыш мезгилинде элге, мекеме-ишканаларга жарык үчүн жана техникаларды иштетүү үчүн берип турабыз. Бирок жылуулук үчүн электр кубатын берүүгө мүмкүнчүлүк болбойт деп ойлоп атабыз. Ошондуктан элибиз азыртан баштап көмүр жана башка отундарды даярдоо менен алек болушу абзел.

- Эми газ маселеси тууралуу да кеп кылсак. Өзбекстан Кыргызстанга сатчу табигый газдын баасын дагы кымбаттатаары мүмкүндүгү айтылууда. Баа дагы канчага кымбатташы ыктымал?

-Туура, газдын баасы эмки жылдан баштап дагы кескин түрдө кымбатташы күтүлүүдө. Эл аралык маалымат каражаттарындагы божомолдорго таянып айтсак, газдын баасы дагы эки эсе кымбаттап кетиши ыктымал.

-Рахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG