Бул тууралуу БУУнун гуманитардык жардамдар боюнча жетекчиси Жон Холмс билдирди. Анын айтымында, бул каражат Улуттар Уюмунун 13 агенттигинин жана 23 бейөкмөт уюмунун Мянмада иш алып баруусу үчүн зарыл. 300 миллион доллар Наргис бороонунан өзгөчө жабыркаган 2 жарым миллион адам үчүн керек.