Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Россия Улуттар уюмунун Гаагадагы согуш трибуналын жабыш керек деп эсептейт


Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө босниялык мусулмандардын Балкан урушу учурундагы командири Насер Оричтин иши трибуналдын бейтараптуу эместигинен кабар берет делинет. Орич өткөн жумада Гаага соту тарабынан акталган эле. Ал Сребреница шаарчасынын жанындагы түрмөдө орун алган кыйноолорду, адам өлтүрүүлөрдү алдын албагандыгы үчүн 2 жылга кесилген. Трибунал 2010-жылга чейин бардык процесстерди жана апелляциялык арыздарды кароону бүтүрүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG