Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

11:15 Бүткүл дүйнөлүк калк күнү Кыргызстанда да белгиленүүдө


БУУнун Калк корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул күнгө карата бир катар иш-чараларды пландаштыргандыгы тууралуу бул уюмдун маалымат боюнча адиси М.Таабалдиева билдирди. Бишкектеги БУУ үйүндө маалымат жыйыны башталды, анын ишине саламаттык сактоо минисрлигинин, Жогорку Кеңештин жана Калк корунун өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Калк корунун атынан Улуттук статистика комитетине жеңил автоунаа берилмекчи.
Эске сала кетсек, туура 21 жыл мурда 11-июнь күнү жер планетасынын калкы беш миллиардка жеткен. Ошондон соң БУУ тарабынан Бүткүл дүйнөлүк Калк күнү расмий белгиленип, бул эл аралык уюмдун алдында Калк фонду негизделген. “Биз өлкөлөргө жакырчылыкты кыскартууга багытталган саясатты жана программаларды иштеп чыгууга, бардык аялдардын, эркектердин жана балдардын ден соолукка жана бирдей мүмкүнчүлүккө болгон укуктарынын аткарылышына көмөк көрсөтөбүз” деп айтылат бул уюмдун негизги миссиясында. (GA)

XS
SM
MD
LG