Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

11:40 Өкмөт эң аз эмгек акыны көтөрүүнүн жолдорун издөөдө


Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиргенине караганда республика боюнча 2008-жылдын январ-май айларындагы орточо айлык акы 4844 сомду түздү. Өткөн жылдын ушул айларына салыштырганда ал 136 пайызга өскөн. Орточо айлык акы баарынан мамлекеттик башкаруу тармагында арбын болду. Ал – 154 пайызга чыкты. Ал эми курулушта болсо 151 пайызды түзөт.
Айлык акынын эң чоңун каржы тармагындагылар алышат, бул орточо 16 миң сомго жакын акча, ал эми жарыбаган маяна айыл чарбасында иштегендерге тийип - 2 миң сомдой өлчөмдө.
Эң аз эмгек акы болсо 340 сом.
Өкмөт социалдык тармактагылардын айлык маянасын көтөрүү максатында ушул жылдын 19-мартында токтом кабыл алган, анда бирдей тарифтик өлчөмдүн эң бийиги 690 сомго чейин көтөрүлдү, мурда ал 330 сом болчу.(GA)

XS
SM
MD
LG