Ата-энеси Өзбекстандан Карасуу районуна көчүп келип отурукташкан студент Озгонбай чет өлкөлүк сыяктуу контракт төлөп жаткандыгына, жатакана берүүдөн университет жетекчилиги баш тарткандыгына, айрыкча өзү теңдүү жаштарга Кыргыз жарандыгын алуу баш оорутмага айлангандыгына мындайча токтолду:
- Контракыбыз кымбат. Өкмөт жашай турган жерди табып, кичине контрагыбызды жеңилдетип берсе жакшы болот эле. Көпчүлүк көчүп келген кыргыздар, анын ичинде көптөгөн жаштар Кыргызстандын жарандыгын ала элек. Өкмөт жарандык бербей атат.
Үч жылдан бери бала-чакасы менен Алайды байырлаган Жантай Маликов ата-бабасынын түпкү журтун сагынып келип, түйшүккө түшкөнүн:
- Кыргыз Кыргызстанга келип өз мекенинде байыр табабыз, окуйбуз, өнүп-өсөбүз десе, аларга атуулдук беришпесе, бул жөнөкөй эле өзүнүн укугун ажыратып жатат.
Тажикстандын Жергетал районунун Ош облусундагы туруктуу өкүлү Салахитдин Юлдашев тарыхый Мекенине оогон улутташтарынын тагдырына Кыргыз Өкмөтү кайдыгер экендигин жашырган жок. Анын баамында, Феликс Кулов премьер-министр кезинде, 2006-жылы 19-октябрда кабыл алынган «Кайрылман» мамлекеттик программасы кол коюлган бойдон кагазда кала берди:
- Этникалык кыргыздардын жерге укугу жок, үйү жок, баш калкалап ар жерде жүрүшкөндөр көп. Кайрылман деген программа турат, айыл өкмөттөргө барсаң бирөөсү да билбейт. Башка мамлекеттен келген этникалык кыргыздардын так санын ала турган атайын мекеме ишкана жок. Этникалык кыргыздар бардыгы болуп 10 миңден ашып кетиши мүмкүн.
Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин бөлүм башчысы Акжол Абдыкеримов аймакта этникалык кыргыздардын саны 10 миңге чукулдады дегендерге кошулбайт. Анын эсебинде 714 адам гана каттоодо турат. Бөлүм башчы «Кайрылман» мамлекеттик программасы каражат жагынан аксап жаткандыгын ачыктады:
- Этникалык кыргыздардын саны бизде 714 адам деп эсептелип атат. Кандайдыр бир маселеси болсо биздин райондук комитеттерге барып, маалымат ала алат. Мен ойлойм Кайрылман программасы тийиштүү эле деңгээлде аткарылды. Башка мамлекеттер менен салыштырсак акча каражатына барып такалат.
Оштогу укук коргоо кыймылынын лидери Төлөн Дыйканбаевдин көз карашында, Кыргыз Өкмөтү чыгынса, этникалык кыргыздардын маселесин чечүү анчалык деле кыйынчылык туудурбайт:
- Кыргызстан бул Кыргызстан атуулдарынын гана мекени эмес, жер планетасындагы ар бир кыргыздын да мекени. Ар бир чет өлкөдө жашаган кыргызга биз аз дегенде 5-10 сотыхтан жер беришибиз керек, ал жер сатылбайт, залогго коюлбайт, бирөөгө белекке берилбейт. Кайрылман пррограммасынын аткарылбай калгандыгы улутташтарыбыздын манкурттугунда. Мекенин издеп келген кыргыздарды кыргыз бөлүп өлүп атат. 3 миллиондон ашык кыргыз жашап атабыз, бир сомдон берсек буларга биз шарт түзүп беребиз.