Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

СПОРТ ТОВАРЛАРЫНЫН БААСЫ АРЗАН, САПАТЫ ТӨМӨН


Кабыл Макеш, Акан Иманов, Бишкек “Адам жана базар” түрмөгүнөн өлкө аймагында сатылып жаткан спорттук кийим- кеченин баалары жана сапаты тууралуу кеп болот. Себеби Бишкектеги базарлардан, спорттук дүкөндөрдөн алынган спорттук кийимдердин көбү Кытай өндүрүшүнөн чыгып, сапаты начар деген пикирлер да бар. Жергиликтүү ишкерлер спорттук товарларды чыгарууну эмнеге колго алышпайт...?

Чынында совет доорунда күрүлдөп иштеп турган завод-фабрикалар токтоп, эгемендүүлүк менен кошо келген жумушсуздуктан элди сактап, жан багуунун айласы калкты базарга чыгууга аргасыз кылып, баш аламан сооданы кандайдыр бир тартипке салган «Дордой» базары болгон. Учурда Бишкектеги базарлар миңдеген адамды иш менен камсыз кылууда. Ушул базарлардан байып, “байпагы манат” болгондор да, базардын айынан банкрот болуп, карызга баткандар да аз эмес. Базарга чыккандар эле жыргап кеткендей, байманасы ташып тургандай да көргөндөр бар. Ошондуктан базарда сатылып жаткан спорттук кийим-кече, жабдуулардын сапаты, баалары тууралуу иликтеп көрдүк.

Учурда «Дордой» дүң соода базарында спорттук кийимдерди сатуучулар соода анча жакшы болбой, ага жай мезгилиндеги эс алуу учуру кедергисин тийгизип жатышканын айтып, арызданып да алышты. Буга кошумча салыктар, ижара акысы да көбөйүп, киреше кирбей калганын айтып наалыган ишкерлер да арбын. Алардын бири «Дордой» базарында көп жылдан бери спорттук бут кийимдерди сатуучу Бактыгүл Абилбек кызы мындай дейт.

«Оберон» базарында соода кылган жеке ишкер Элмира Абжалиева да учурда Казакстан, Өзбекстанда товар алчу соодагерлер келбей, соода жүрбөй турганын айтышат.

Айрым алармандар арзанына качырып Кытайдын өндүрүшүнөн чыккан сапаты начар, баасы арзан спорт кийимдерин алып жатышканын, ал эми сапатуу Түркия, Кореянын спорттук кийимдеринин орточо наркы үч-төрт миң сом тураарын “Азаттыктын” кабарчысына айтып беришти.

«Алканов и К» базарында Кыргызстандан тигилген спорттук кийимдерди сатуучу Жанболот Асанкожоевдин пикиринде өлкөнүн өндүрүшүнөн чыккан товарлар Орусияда, Казакстанда баалангандыктан ошол тарапка көп алынып кетет дагы жергиликтүү базарда соода аз.

Керээли кечке жайкы аптаптуу ысыктын күнү өтсө бири-эки товар өтөт, андан түшкөн киреше, түшкү тамак менен жол киреге жетпей калууда.

Өлкө аймагында сатылып жаткан спорттук кийим-кечинин сапаты учур талабына жооп береби? Кыргызстандын жеке өндүрушчүлөрү эмнеге спорттук кийимдерди, жабдууларды даярдоону колго алышпайт? Спорт товарларын саткан дүкөндөргө эл эмнеге көп барбайт? Базарлардагы спорттук кийимдер кай тараптан келүүдө?

Бул суроолор менен өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновго кайрылып мындай жооп алдык:

Спорт жабдыктарынын сапаттары ар кандай. Негизинен бизге Орусия менен Казакстандын товарлары келет. Көбүнесе аларды жеке ишкерлер алып келип, сатыкка чыгарышат. Алардын баасы камбат болгондуктан, мамлекеттик сатып алуу азыраак болууда. Бизде “Биксер” деген фирма спорт жабдыктарын чыгаруу менен алектенет. Алар балбандардын килемин, боксчулардын рингдерин жана спорттук машыгууга ылайыкталган бут кийимдерди чыгарышат. Мына ушул фирма биздин олимпиадачылардын формасын тигишүүдө. Ошондой эле спорттук жабдыктарды саткан бир нече дүкөндөр жана соода түйүндөрү бар. Алар Кыргызстандан тигилген спорт кийимдеринен тарта сапаттуу жабдыктарга чейин сатышат.

Бишкек базарлары менен көчөлөрүндөгү өлкө тургундарынан спорттук кийимдердин сапаты жана баалары тууралуу ой-пикир сураганыбызда ар кыл көз караштарын билдиришти.

Айжамал: Азыркы убактагы спорттук кийимдер тээ 90-жылдарга караганда алда-канча сапаттуу. Менин эсимде, биз ошол жылдары Кытайдын сапаты начар болгон кийимдерин мектепке кийип жүрчүбүз. Баасы 100 сомдун тегерегинде болчу. Азыр жалаң эле Кытайдын эмес, Европадан, Түркиядан дагы спорт кийимдери келет. Аларды саткан дүкөндөрдүн саны аз эмес. Бирок баары келип эле баасына такалат. Ооба, чамасы жеткендер ошондон алышат, ал эми жөнөкөй калк Кытайдыкын эле алып кийишет.

Азамат: Кыргызстанда спорттук кийимдердин сапаты өтө деле жакшы эмес, орточо деп айта алам. Бирок баары баасына келип такалат. Бишкектеги “Илбирс” фирмасынан чыккан спорт кийимдердин баасы 1000 сомдон өйдө экен. Аны алууга баарынын шарты туура келбейт. Жөнөкөй эле футболкаларынын баасы 400 сомдон жогору турат. Арзаны десең Кытайдын спорт кийимдерин алсаң болот - баалары 100-150 сомдон жогору, бирок алар ден-соолука зыяндуу да болушу мүмкүн. Негизинен спорт кийимдердин баасы элдин чөнтөгүнө жараша эмес. Ким эле 1000 сомго спорт кастюмун алсын, өзүнүн айлыгы 3000 сом болсо.

Алияс: Өзүм Орусияда иштечүмүн. Келгениме эки ай болду. Москвада спорт кийимдердин баасы үч-төрт эсе кымбат. Дүкөндөрдө көпчүлүк учурда жогорку сапаттагы кийимдер сатылат. Баалары 10 миң рублдан жогору, бул 15 миң сомго барабар. Бул жакта ошол эле сапаттагы кийимди 7 миңге алсаң болот. Биздин элдин айлыгы аз ошондуктан кымбатын алууга күчү келбейт. Негизинен 500-600 сомдун тегерегенде сатып алышат.

Кыргызстандагы спорт сүйүүчүлөрдү сапаттуу спорттук жабдуулар менен жабдуу максатында Орусия, Германия жана АКШдан алып келүү үчүн келишим түзүп, спорттук базанын чыңдоого аракет кылып жаткандар да жок эмес. Алардын бири Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун директору Болот Сулайманов:

Биз бокс рингин Украинадан алууну көздөп жатабыз. Аны алып келген акыны кошкондо 25 миң долларды түзөт окшойт. Балбандардын күрөш килемин болсо АКШдан алып келсек дегенбиз. Ал учурдун талабына жооп берген, сыйгаланбаган, жакшы сапаттагы товар. Ал эми бизде болсо Кытайдын спорт жабдуулары басымдуулук кылат. Алардын сапаты орто деп айта алам.

Өз кезинде Кыргызстанды гана эмес Борбор Азияны спорттук кийимдер менен камсыз кылып турган “Илбирс” тор кийимдерди токуу, тигүү фабрикасы учурда азыноолак гана товар чыгарып, рынокту кытайлык өндүрүшчүлөргө тарттырып жиберишкен. Ошентсе да “Илбирсттен” чыккан спорт кийимдердин сапатын мактап, сатып алууну каалаган кардарлар да арбын.


Сүрөттө: Жергиликтүү ишкерлер даярдаган Бейжин олимпиадасына барчу кыргызстандык спортчулардын кийимдери.
XS
SM
MD
LG