Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

07:10 К. Тезекбаевге байланыштуу сот иши бүгүн Жалалабат облустук сотунда каралышы күтүлүүдө


Ош облгубернаторунун мурдагы биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевге байланыштуу сот иши бүгүн Жалалабат облустук сотунда каралышы күтүлүүдө
Ага Жалалабат шаардык соту Орусиядан келген кайрымдуулук жардамды мыйзамсыз таркатып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагып, күчөтүлгөн режимде беш жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууга апрелде чечим чыгарган. Тезекбаев шаардык соттун чечими менен макул болбой облустук сотко аппеляциялык арыз жолдогон. Ошондой эле буга чейин бул маселеге тиешеси бар делип сотко чакырылган Ош облгубернаторунун каржы чарба бөлүмүнүн башчысы Сейиткасым Жээнбеков соттук териштирүүлөргө келбей койгонуна байланыштуу облсот аны камакка алуу тууралуу токтомун чыгарган. Сейиткасым Жээнбеков 9-июлда камакка алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG