Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев, райондун акими Турусбек Мансуров жана Чолпоната шаарынын башчысы Нурлан Насирдинов “Элнур” базарында иштеген адамдардын укуктарын тебелеп, карапайым элдин көйгөйүнө көңүл бурушкан эмес. Аталган “базардын айланасындагы чатак башталгандан бери үч адам каза болуп, жергиликтүү мамлекеттик жетекчилер тарабынан жүздөн ашуун адамдын укуктары тебеленген. Бул маселе боюнча жетекчилер жооп бериши керек”,-дейт Акыйкатчы.(AJ)
07:20 Ысыккөл облусунун жетекчилигине чара көрүү боюнча бүгүн президенттен жооп күтүлүүдө