“Экс-спикер Адахан Мадумаров күзүндө “Ак шумкар” партиясына кошулуп, оппозицияга чыгат деген “Супер-инфо” гезитиндеги маалымат туура эмес жазылган”,- деп билдирди “Азаттыкка” аталган партиянын төрагасы Темир Сариев. Саясатчынын айтымында, аны менен маектешкен “Супер-инфо” гезитинин кабарчысы Мадумаров тууралуу Сариевдин пикирин бурмалап жазып жиберген. Ал эми “Адахан Мадумаровдун оппозицияга кошулар кошулбасы, экс-спикердин өз эрки”,-дейт Сариев. (AJ)