Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

МАДРИДДЕ ДИНДЕР АРАЛЫК ДИАЛОГ ӨТӨТ


Испания борбору Мадридде ушул аптада диндер аралык диалог өтөт. Баш кеңсеси Меккеде жайгашкан Дүйнөлүк Мусулман лигасы уюштуруп жаткан жыйынга мусулман, христиан, жөөт жамаатынан эки жүзгө чукул таанымал инсандар, дин аалымдары катышары күтүлүүдө. Бир эле учурда үч диндин өкүлдөрүнүн катышуусунда сейрек өтүүчү жыйынында эл аралык кызматташтык, адам укуктары, дүйнөдө коопсуздукта жана тынчтыкта жарнакташып жашоо маселелери талкууланат.

Мадридде 16-18-июль күндөрү өтүүчү жыйынга Сауд Аравиянын делегациясын падыша Абдалла өзү баштап келмекчи. Дегеле Сауд Аравия бул жыйындын башкы демөөрчүсү. Падыша Абдалла былтыр Ватиканда Рим папасы Бенендикт XVI менен жолуккан эле. Ал эми диндер аралык диалог өткөрүү ою бар экенин биринчи ирээт быйыл мартта жапониялык окумуштуулар менен жолуккан учурунда ачыктаган.
Саудия лидеринин ошондогу билдирүүсүнө караганда, ал бул идеяны Рим Папасы менен да талкуулаган.

Байкоочулардын баамында, Сауд Аравиянын минтип диндер аралык диалогко башкы демөөрчү болуп жатышы өлкө саясатындагы жаңы багыт. Кошмо Штаттарда 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттардан кийин ал эл аралык сынга кабылганы белгилүү. Анда "ал-Каида" лидери Усама бин Ладендин атынан 3 миңдей киши жайран кылган 19 арабдын 15и саудиялыктар эле.

Андыктан Мадриддеги жыйын Саудиянын диндер аралык кагылышты жээрүү, исламдын беделин көтөрүү, диний баалуулуктарга карата урмат-сыйды калыбына келтирүү аракеттеринин бир бөлүгү катары каралууда.

Диндер аралык диалогго даярдык көрүү, ислам дүйнөсүн камтамага салган маселелерди алдын ала талкуулап, тактап алуу үчүн өткөн айда Саудия бийликтери Меккеге мусулман өлкөлөрүнөн 500дөй лидерди чогулткан эле. Падыша Абдалла анда Ислам дини "мусулман экстремисттер жараткан оор көйгөйлөргө туш келип турганын" белгилеген.

2001-жылкы окуялардан бери Сауд Аравиянын падышалык үй-бүлөсү абройлуу дин ишмерлери менен өнөктөштүктө башкарган системаны оңдоо үчүн айрым бир реформаларды да жасагандай болду.

Рейтер агенттиги өкмөттөгү дин ишмерлеринин бири Абдулазиз ал-Касимге шилтеме берип, Мадриддеги конференция "Сауд Аравиянын диний түзүлүшүн реформалоо аракеттеринин бир бөлүгү", - экенин кабарлады. Саудиялык расмий өкүлдүн айтымында, өлкөдө окуу китептери өзгөрүүдө, радикал динаятчылар иштен четтетилүүдө, ошондой эле сот реформасы белгиленип жатат.

Айрым байкоочулар бул конференцияны - Саудия падышасынын мекениндеги экстремистчил элементтерге каршы турумун күчөөтүнүн жолу катары да карашууда. Америкалык "Christian Science Monitor" басылмасы шийит саясий активисти Жафар Ал-Шаяебдин "дүйнөнүн чар тарабынан толеранттуулукка умтулган мусулман аалымдарын чогултуу, менимче, өкмөткө ички радикал топтордун маселесин чечүүгө жардам берет",-деген сөздөрүн келтирет.

Испания болсо конференцияны өткөрүүчү жай катары, саудиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, мусулмандар, жөөттөр, христиандар 8-13–кылымдардын аралыгында, исламдык башкаруунун алдында салыштырмалуу тынчтыкта жашаганынын тарыхый символу катары эсептелген жер экенинен улам тандалып алынган.

Диндер аралык диалогду максат кылган конференциянын өтүшү жалпысынан оң бааланып жатканы менен ал Ислам дүйнөсү менен Батыштын мамилесине көлөкө түшүргөн көрүнүштөрдүн, өз ара таарынчтардын кеңири чөйрөсү боюнча олуттуу ийгиликтерге жетүүсү күтүлбөйт. Андай көрүнүштөрдүн арасында мусулмандар кордоо катары кабылдаган карикатуралар, кээ бир ислам өлкөлөрүндө дин эркиндиктери чектелүүсү, чечилбей келе жаткан жөөт-палестин чатагы өңдүү маселелер бар.

Конференцияны уюштуруп жаткан Дүйнөлүк мусулман лигасынын маалымат катчысы Хассан ал-Ахдалдын айтымында, анда эч кандай саясий маселер карабайт, "катышуучулар бир пикирге келе ала турган башка нерселер эле жетиштүү".
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG