Бул тууралуу карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун директору Жалалидин Гайбулин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Ноокен, Араван райондорунан күйдүргү илдетин жугузган деген шек менен адамдар ооруканага келген, бирок алардын диагнозу азырынча тактала элек. Учурда түштүк аймактан күйдүргү менен беш адам катталып, алардын бири көз жумган. Илдеттин күч алып кетпеши үчүн атайын кызматтар иш алып барууда. Күйдүргү күчөп, аны ооздуктоого мүмкүн болбой калат дегенге эч кандай негиз жок, бул үчүн атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат”,-деди Ж. Гайбулин. (AiJu)