Талас шаарынын борбордук базарынын күн батыш жагындагы койдун эти сатылган жерге барып көргөнүбүздө, сатуучулардын кир болгон эски кийимдерин жана эттердин ачык асман алдында сатылып жатканын көрүп бул жерден эт алса болобу же жокпу деген суроону өзүңө узатасың. Ошол жерде үч жылдан бери эт саткан сатуучу Доктурбек Тыналиев бул үчүн эткананын администрациясын күнөөлөп, алар тарабынан тиешелүү деңгээлде сатуучуларга шарт түзүлбөгөнүн айтты.
-Эч кандай шарт жок эт сатканга. Кийимдерди чечүүчү жай жок. Үйдөн кайсы кийим менен келсек, кайра ошол кийим менен үйгө кетебиз. Анан эң негизгиси - ушул муздаткычты оңдотуп берсе жакшы болот эле.
Сатыбай Сыдыков аталган этканада көзөмөлдөөчү болуп ишейт. Анын айтымында, базар администрациясынын сатуучуларга шартты түзүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.
-Муздаткычар иштебейт. Эгер мүмкүнчүлүгүңөр болсо эки кишиден болосуңарбы, бир кишиден болосуңарбы чакан муздаткыч сатып алып койгула дегенбиз. Биздин азыр буларга шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок.
Бул базардын ичиндеги Талас шаардык ветеринардык-санитардык экспертиза лабараториясынын башчысы Иса Сулайманов жогоруда айтылган шарттын жогун электр жарыгынын кескин өчкөнү менен түшүндүрдү.
-Себеби алар бир муздаткыч алышыптыр, анын мотору электр жарыгы өчкөндө күйүп кетет экен. Буга канча штраф салышты, мен да санэпидемстанциянын кызматкерлери менен айып салдык. Көрсө электр жарыгы өчүп калганда матор күйүп кетет экен дагы анысын биз билбейт экенбиз.
Талас шаарындагы борбордук базарда мындан башка дагы бир эткана бар. Ошол жерде көп жылдан бери эт сатып тиричилик кылып келген Гүлийпа Буларкиеванын муздаткычтар жетиштүү дегени менен ал жерде да абал санитардык жактан абдан начар экенин көрдүк. Себеби сырттан караган адамга эң биринчи эле эттин үстүндөгү жайнаган чымындар көзгө урунат.
-Мындай чабылган эттерди муздаткычтарга салып коебуз. Ар бирибиздин тушубузда ушундай муздаткычар бар.
Бул көрүнүштүн баары Талас шаарындагы базардын ичиндеги лаборатория кызматкерлери эттерди жакшы текшерип, көзөмөл кылбагандыктан дейт Талас шаардык санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнүн башкы дарыгери Кенжегүл Боронбаева.
-Эт негизи 72 саатта муздаткычта сакталбаса бузулуп калышы мүмкүн. Бул көзөмөлдү дайыма ветлаборатория текшерип туруш керек. Күн сайын. Анан биздин лабораторияга түшкөн күнү эле текшерип коёт да, ал эми калган күндөрү ал эт кандай сатылып жатат, кандай абалда болуп жатат - аны кайра көзөмөлдөө жок да.
Ал эми аталган Базардагы лаборатория башчысы Иса Сулайманов көзөмөл дурус эле кылынаарын айтып, керек болсо оорулуу малдардын эттерин жеке өзү шаардын четине алып барып, терең жерге көмүп жок кылаарын “Азаттыкка” билдирди.
-Дары сээп туруп, хлоркадан сээп, темир идишке салып, өзүм алып барып көөп салып жүрөм.
Жогорудагы Талас шаарындагы лабораториянын ишине сын айткан дарыгер Кенжегүл Боронбаева Иса Сулаймановдун этти мындай жол менен жалгыз жок кылууга анын акысы жок дейт.
-Лабораториядагы атайын кызматкер эгер этти жараксыз деп сезсе, бизге маалымдаш керек. Анан каяка алып барып көмөт, эмнени алып барып көмөт, кандай эреже менен көмөт акт түзүлүш керек. Биздин бир кызматкерибиз кошо барып, кошо көмгөнгө катышып турууга биздин укугубуз бар. Биз катышмайынча ал күмөн болуп калат. Ошонун бир мисалын келтире алат бекен ошол киши.
Бул жерде кимдин күнөөсү бар, кимдики жок аны биз чече албайбыз, аны угармандар өздөрү чечээр. Бир гана айтаарыбыз, буга тиешеси бар жогоруда сүйлөгөн адистер бул жерде адамдардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн иш кылып жатышканын ойлосо болду.