Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

18:50 Жалал-Абаддагы күйдүргү илдетине шектелген оорулуулардын дарты так аныктала элек


Мындай маалымат бүгүн Жалал-Абад шаардык санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дүйшөбай Жумуковдон алынды. Анын айтымында, ушул тапта Сузак районунда төрт, Кочкор-Ата шаардык ооруканасында жети адам күйдүргү жуккан деген шекилдүү дарыланууда. Алардын текшерүү анализдери Ошко жиберилген. Ал жактан болсо бул адамдарга күйдүргү жукканы тууралуу маалымат келе элек. Сузак райондук оорукананын бөлүм башчысы Кадыржан Салиев 10-июль күнү 78-жаштагы Карыбек Жаныбеков аттуу карыя күйдүргү оорусунан ооруканада жатып каза болгонун билдирди. Дарыгердин айтымында, кесел аксакалга уулу экөө өлгөн малдын терисин сыйрыганда жугушу ыктымал. Учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан төрт кишинин ден соолугу дурус. Ооруга шектелген бул адамдар бир жумага жетпей үйлөрүнө жөнөтүлөт, деп айтты Кадыржан Салиев.(YA)

XS
SM
MD
LG