Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

18:55 Оштогу “Ариет” гезити чет өлкөлүктөрдүн колдоосуна татыды


Социалдык темаларды кеңири чагылдырган “Ариет” гезити Чыгыш Европалык демократиялык борборунун колдоосуна арзып, ири өлчөмдөгү гранты уткандыгын “Азаттыкка” Гүлзат Газиева кабарлады. Гезиттин баш редактору каржыланган тараптын сунушу боюнча басылма аялдар жана жаштар темасына көбүрөөк көңүл бураарын билдирди. Донор уюмдун өкүлү Анжей Петрович Оштун массалык маалымат каражаттары реклама жактан өксүп жаткандыгын, ансыз рынокко туруштук берүү кыйындыгын белгилеп, бул багытта менеджерлерди даярдоого жардамдашаарын убада кылды.(АТо)

XS
SM
MD
LG