Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

07:55 Кушбак Тезекбаевге байланыштуу сот иши 16-июлда улантылат


Ош облгубернаторунун мурдагы биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевге байланыштуу сот иши 16-июлда Жалалабат облустук сотунда улантылат. Кечээги соттук териштирүүдө Ош облгубернаторунун каржы чарба бөлүмүнүн башчысы Сейиткасым Жээнбеков да көрсөтмө берген. Кушбак Тезекбаевге Жалалабат шаардык соту Орусиядан келген кайрымдуулук жардамды мыйзамсыз таркатып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагып, күчөтүлгөн режимде беш жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууга апрелде чечим чыгарган. Тезекбаев шаардык соттун чечими менен макул болбой облустук сотко аппеляциялык арыз жолдоп, бул ишке Сейиткасым Жээнбековдун да тишеси бар экендигин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG